Акыркы макалалар

КСДП Кытайдан жардам алганбы?

КСДП Кытайдан жардам алганбы?

"Кытайдын Коммунисттик партиясы Кыргызстандагы бийликчил социал-демократтар партиясына (КСДП) жардам иретинде 1 млн. сом бөлдү" деген маалымат коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Бул одоно мыйзам бузуу катары бааланып, партиянын аброюна шек келтирип, көлөкө түшүрчү көрүнүш экенин айткандар бар.

Кытайдын Коммунисттик партиясы Кыргызстан социал-демократтар партиясына (КСДП) жардам иретинде 1 млн. сом бөлгөнүн алгач партия мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков "Азаттыктын" талкуусундабилдирген.

Анын айтымында, КСДПнын Орусиядагы “Единая Россия”, Казакстандагы “Нур Отан”, Кытайдын Компартиясы менен да жакшы байланышы бар. Ал гранттык негизде берилген каражат партиянын ишмердүүлүгүнө, кеңселерин каржылоого, залын оңдоого жумшалышы мүмкүн экенин айткан.

- Партияга жардам иретинде 1 млн. сомдун тегерегинде гранттык каражат келген экен. "Партиянын ишмердигине, кеңсесин каржылоого, "Форумдагы" партиянын жыйындар залын оңдоого жумшалат" деген маалымат уктум. Эми кандай жардам келип, ал кандай жумшалып жатканы тууралуу курултайда отчет берилсе керек.

БИР СУРООГО ЭКИ ЖООП

Аталган партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязов Кытайдын Компартиясы тарабынан берилген жардам тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип, алгач Кытай акчалай эмес, техникалык жардам көрсөткөнүн, бирок ал КСДПнын балансына өтө электигин айткан:

- Техникалык жардам. Былтыр күзүндө келген. Аны баланска кое элекпиз. Азырынча колдонгон жокпуз.

Ниязов жарым сааттан кийин бул маалымат такталганын билдирип, Кытайдан келген жардам КСДПга эмес, парламентке берилгенин кабарлады:

- Мен силер чалгандан кийин эмне үчүн баланста жоктугун тактадым. Көрсө, катчылык экен. Алар баары "алдык" дешкен. Биз да алдык деп эсептегенбиз. Жардам Жогорку Кеңештин алкагында алынган, биздин баланста жок. Жардамды парламент, анын ичинде КСДП фракциясы алыптыр.

Партиянын төрагасынын орун басарынын бир эле суроого эки башка жооп бергени коомчулукта күдүк ойлорду жаратып, саясий партиялардын каржыланышы тууралуу мыйзамга байланыштуу талкууга жем таштады.

Ал эми Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу парламент Кытайдын Компартиясынан эч кандай жардам албаганын "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, былтыр Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги Жогорку Кеңешке техникалык көмөк көрсөткөн. Бирок анын Кытай Компартиясы менен байланышы жок:

- Мен бизге келген бардык жардамдарды текшердим. Кытайдын Коммунисттик партиясынан 1 миллион сом албаптырбыз. Негизи Жогорку Кеңеш элчиликтер, парламентаризмди колдогон эл аралык уюмдар менен дайым иштешип, техникалык көмөк, консультация, эксперттик жардам алып турат. Кытайдын Компартиясынан андай жардам келбептир. Болгону былтыр Жогорку Кеңештин аппаратына 1 миллион сомдун тегерегинде техникалык-гранттык жардам берилген. Бирок аны Кытайдын Компартиясы эмес, Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги өз эрки менен берген. Акча түрүндө эмес, техниканы өздөрү алып берген. Расмий түрдө айта алам, 2017-жылы Кытайдын Компартиясынан эмес, Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен 1 млн. сомдун тегерегинде техникалык гранттык жардам берилген.

Ал эми КСДП фракциясынын депутаттары Осмонбек Артыкбаев менен Марат Аманкулов Кытайдан келген жардам тууралуу маалыматы жок экенин айтышты.

"МААНИЛҮҮ МЫЙЗАМ БУЗУЛДУ"

Кыргызстандын "Саясий партиялар жөнүндөгү" мыйзамына ылайык саясий партиялардын иши чет мамлекеттердеги партиялар тарабынан каржыланышына тыюу салынат.

Аталган мыйзамдын демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кыргызстандагы партиялардын дээрлик баарычет өлкөдөн каржылык жардамды жашыруун алып келишерин, бирок аны далилдөө кыйынга турарын белгиледи.

Ошондой эле ал "Кытай Компартиясынан алынды" деп сөз болгон жардам эмне максатта берилгенин көз каранды эмес комиссия иликтеп чыгышы зарыл деген пикирде.

- Өзгөчө шайлоо убагында бардыгы эле жардам издеп жүрүшөт. Ал эми бул учур бир аз өзгөчө. Анткени бул башкаруучу партиянын маанилүү мыйзамды бузганы болуп эсептелет. Биринчиден, муну коррупция десек болот. Акчаны эч ким бекер бербейт. Ошондуктан алган акчага кайсы бир маселени чечип берген болушу керек деп айтсак болот. Саясий партияларга сырттан акча алууга толугу менен тыюу салынган. Эгер алса, алган адамга жана партия жетекчисине эртели-кеч кылмыш иши козголот. Мисалы, Францияда экс-президент Николя Саркози "шайлоо учурунда Ливиядан акча алган" деп күнөөлөнүп, ага каршы кылмыш иши козголду. АКШда "Трамптын Орусия менен каржылык байланыштары болушу мүмкүн" деген күнөө коюлуп, иликтөө жүрүп жатат. Бул дүйнөлүк практика.

Ал эми саясат талдоочу Марс Сариев партиялык жыйындын алдында мындай маалыматтын чыгышы анын аброюн түшүрүп, өлкөдө саясий кризисти жаратат деген ойдо.

- Бул Кыргызстан социал-демократтар партиясы. Эгер колдоо Исхак Масалиев жетектеген Коммунисттик партияга берилсе бир жөн. Бирок бир да партия сырттан бир тыйын албашы керек, антсе акча берген тарапка көз каранды болуп калат. Партиянын да имиджи түшөт. Абал кызык болуп жатат. Менимче, 1 млн.сомдун айынан саясий чатак чыгышы мүмкүн. Муну Кытай жакшы түшүнүп жатат. Кытайдын позициясы ЖЭБге, "Акылдуу шаар" долбооруна байланыштуу Кыргызстанда түшүп жатат. "Датка-Кемин" боюнча да чатак чыкканы жатат.

КСДП партиясынын отуруму буга чейин бир нече жолу жылдырылып, 31-мартка белгиленген. Партия төрагасынын орун басары Фарид Ниязов мурдараак курултайда Алмазбек Атамбаев партия лидерлигине бекитилерин билдирген. Куралтайдын күн тартибине башка кайсы маселелер киргени азырынча расмий айтыла элек.

Атамбаев президент болуп турганда чет өлкөдөн каржыланган уюмдардын ишмердүүлүгүн сындап, "четтен каржылык колдоо алып, мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет кылууда" деп айрым партияларды катуу зекиген.

Буга чейин парламент Кыргызстанда саясий партиялардын каржылык иштерин көзөмөлгө алуу боюнча мыйзам долбоорун сунуш кылган. Ага ылайык, саясий партиялардын финансылык ишмердүүлүгү, келип түшкөн жана чыгымдалган каражаттары көзөмөлгө алынары айтылган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...