Акыркы макалалар

Бишкекте жылуулук берүү Нооруздан кийин өчүрүлүшү мүмкүн

Бишкекте жылуулук берүү Нооруздан кийин өчүрүлүшү мүмкүн

Жылуулук берүү аба температурасы катары менен беш күн бою 8 градустан жогору болгондо токтотулат

Энергетиктер жылуулук берүүнү 22-март күнү токтотуу сунушун шаар мэриясына киргизгенин Улуттук энергохолдингден билдиришти.

Маалыматка ылайык, сунуш 19-март күнү ТЭЦте Улуттук энергохолдинг, "Бишкекжылуулуктүйүнү" ишканасы, мэрия жана Кыргызгидрометтин өкүлдөрү катышкан көчмө жыйында жөнөтүлгөн.

"Эгер мэрия Нооруздан кийин жылуулукту өчүрүү чечимин кабыл алса, ал ишке ашат. Биз буйрук күтүп жатабыз", — дешти холдингден.

Шарт боюнча жылуулук берүү аба температурасы катары менен беш күн бою 8 градустан жогору болгондо өчүрүлөт. Кыргызгидрометтин метеорологиялык божомол бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымова жакынкы беш күн аралыгында күндүн табы жогору болорун маалымдады.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...