Акыркы макалалар

“Чыңгыз Ордо” комлексинин долбооруна сынак жарыяланды

“Чыңгыз Ордо” комлексинин долбооруна сынак жарыяланды

“Чыңгыз Ордо” тарыхый-маданий мемориалдык комплексинин эң мыкты архитектуралык долбооруна сынак жарыяланды. Комплекс Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында 15 га аянтка курулат. Бул тууралуу 19-мартта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, бул сынакка архитектура, шаар дизайны жана ландшафт архитектурасы жаатында иш алып барган баардык жактар катыша алат.

Сынакка негизги талап катары, комлекстин долбоорун түзүүдө улуу жазуучу калтырган рухий мурастарга таянуу, өрөөндүн рун жазууларын, аска бетиндеги сүрөттөрдү, археологиялык жана архитектуралык эстеликтерди эске алуу белгиленген.

“Чыңгыз Ордо” комплексине архитектуралык долбоорлор 20-апрелге чейин кабыл алынат.

Дареги: 720040, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78, 3,14-каб. (телефондор:, 621127, 625944)

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...