Акыркы макалалар

Бишкекте Нооруз күнү өткөрүлө турчу иш-чаралар

Бишкекте Нооруз күнү өткөрүлө турчу иш-чаралар

21-Март — Нооруз майрамына карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын программасы жарыяланды.

Мэриянын маалыматында, нооруз күнү саат 10:00дө Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин имаратынын алдында кол өнөрчүлөрдүн жасаган эмгектеринин көргөзмөсү болот. Мындан тышкары, өлкө аймактарында коомдук бирикмелер концерт тартуулайт.

Ошондой эле, Тышкы иштер министрлиги саат 10:00дө Курманжан датка айкелинин алдында кайрымдуулук жарманке уюштурат. Анда 20га жакын улуттун ашканасынын даамдары, улуттук буюмдары коюлат.

«Ала-Тоо» аянтында саат 11:00дөн 14:00гө чейин майрамдык иш-чара өтүп, шаардагы чыгармачыл топтордун концерти менен коштолот.

Дайыр Асанов атындагы паркта да улуттук тамактардын майрамдык көргөзмөсү болот. Ал эми саат 12:00дө шаар тургундары менен коноктору үчүн майрамдык концерт өтөт.

Муну менен катар эле, «Ак кула» ат майданында көк бөрү боюнча уюштурулган мелдештин финалдык беттештери, салбуурун, эр эңиш, ат чабыш жана башка оюндар өтөт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...