Акыркы макалалар

Түркиялык жаран "Алыкулдун изи менен" аттуу ыр китебин чыгарды

Түркиялык жаран "Алыкулдун изи менен" аттуу ыр китебин чыгарды

Жыйнактын бет ачары 20-мартта Улуттук китепканада улуу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата өткөрүлмөкчү

Түркиялык жаран Ибрагим Түркхан кыргыз тилинде "Алыкулдун изи менен" деген ыр жыйнагын чыгарды. Бул туурасында автор Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтып берди.

"Жыйнакка Кыргызстан, ата-эне, табият, сүйүү туурасындагы ырлар кирген. Китептин "Алыкулдун изи менен" деп аталышынын өзүнүн себеби бар. Буга чейин кыргыздын акын-жазуучуларынын бир топ чыгармаларын которгом. Мага өзгөчө таасир бергени – Алыкул Осмоновдун поэзиясы жана адамдык тагдыры болду", — деп айтып берди Ибрагим Түркхан.

Учурда ал Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинин магистратурасында билим алууда.

Өзүнүн айтымында, 2007-жылы Түркияда буга чейин "Теңир-Тоо жаңырыктары" деп аталган китепти түрк тилинде чыгарган.

Бул жыйнактын бет ачары 20-мартта Улуттук китепканада улуу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнүнө карата өткөрүлмөкчү.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...