Акыркы макалалар

Ошто үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу борбору ачылат

Ошто үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу борбору ачылат

16-март күнү Ош шаарынын вице-мэри Шакир Зулимов ЮНИСЕФ уюмунун балдарды коргоо боюнча программасынын координатору Елена Зайченко менен жолугушту. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын алкагында, үй-бүлөлүк зордук- зомбулуктун алдын алуу жана турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жана алардын ата-энелери үчүн көмөк көрсөтүүчү борбор ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Ошондой эле, балдардын үй-бүлөдөн ажырап калуусун алдын алуу жана кабыл алуучу фостердик үй- бүлөлөрдү түзүүгө көмөктөшүү жолдору талкууланды.

Андан тышкары, вице-мэр Шакир Зулимов ЮНИСЕФ тарабынан байма бай жүргүзүлүп келе жаткан программаларга ыраазычылык билдирди.

Ал эми ЮНИСЕФ өкүлү Елена Зайченко зордук-зомбулукту алды алуу багытында көп функциялуу борборду ачууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүп, эки тараптуу бул долбоор ишке ашып калса, балдарды жана ата-энелерди социалдык жактан коргоодогу бир топ маселелер комплекстүү ишке аша тургандыгын кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...