
Мындан ары Германияга жана Шенген аймагына виза ачтыруу үчүн Кыргызстандын түштүк облустарынын тургундары Бишкекке келип отурбастан, Оштон түз кайрыла алат. Бул тууралуу немис элчилиги кабарлады.
Маалыматка караганда, 25-апрелде Бишкекте жана 7-майда Ошто Visametric фирмасынын виза борборлору ачылат. Ал жарандарга виза алуу боюнча акы төлөнүүчү кызмат көрсөтөт.
Арызды карап чыгууга Бишкекте беш, ал эми Ошто жети жумуш күнү талап кылынат.
Шенген зонасына Европадагы 26 мамлекет кирет. Анын бирине ачылган виза калган мамлекеттерде да жарактуу.
Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org
Азырынча бир да пикир жок...