Акыркы макалалар

Өмүркул уулу: 386 млн доллар толугу менен ЖЭБди модернизациялоого жумшалган эмес

Өмүркул уулу: 386 млн доллар толугу менен ЖЭБди модернизациялоого жумшалган эмес

«386 миллион доллар толугу менен Бишкек жылуулук борборун модернизациялоого жумшалды деп айта албайм». Мындай пикирин Бишкек ЖЭБинин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди

Анын айтымында, аттиш жана камералардын жагдайы жакында эле белгилүү болгон. Ал кызматтан кеткенден кийин колуна тийген кагаздарда көрсөтүлгөн маалымат. Аттиш менен камералардан сырткары системаны муздатуу аппараттарынын, насостордун да баасы реалдуу наркынан 30 пайызга чейин жогору көрсөтүлгөн. Болгону эл бул жабдыктардын баасын билбегендиктен коомчулукта көп резонанс жаралган эмес.

«Айтылгандарды далилдеп бере алам. Бул иштин аягына чейин чыгууга аракет кылам. Тергөө иштерине жардам берүүгө даярмын. ЖЭБди модернизациялоого бөлүнгөн акчаны жегендердин арасында мен жокмун деп айтсам, эл аны куру сөз катары карашы мүмкүн. Андыктан укук коргоо органдары акчаны кимдер жегенин иликтеп, жооп беришсин,» — дейт Өмүркул уулу.

Анын пикиринде, 386 млн доллар Бишкек ЖЭБин толук жаңыртууга жетмек эмес. ЖЭБде жабдыктар эскилиги жеткенине байланыштуу анын ордуна жаңысын куруу же эскисин модернизациялоо зарылчылыга туулган.

Өмүркул уулу, долбоордун тагдыры өйдө жактан чечилгенин, ЖЭБ каражатка кийлигишпегендиктен өзү каржы маселесине аралаша албаганын белгиледи.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...