Акыркы макалалар

Нооруз-2018: Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды

Нооруз-2018: Көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды

Бишкекте бүгүн Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды. Аны Көк бөрү федерациясы Мамлекеттик спорт агенттиги менен бирге уюштурууда.

Кыргызстандын биринчилиги үчүн былтыркы оюндарда чемпион аталган “Ынтымак” (Талас облусу) командасы жана ошондой эле “Достук”, “Биримдик-Аю” баштаган 16 команда күч сынашат.

Байге фондунун алгачкы суммасы 800 миң сом деп аныкталды.

Мелдештер “Ак-Кула” ат майданында өтүүдө. Жеңүүчүлөр 21-мартта аныкталат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...