Акыркы макалалар

КСДПнын съезди марттын аягында же апрелдин башында болот – Айнакулов

КСДПнын съезди марттын аягында же апрелдин башында болот – Айнакулов

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын съезди марттын аягында же апрель айынын башында болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Мухтар Айнакулов билдирди.

Анын айтымында, съезди өткөрүүнүн так датасы азырынча аныктала элек. “Съезд болжолдуу марттын аягында же апрелдин башында болот, бирок азырынча так маалым боло элек”,-деп билдирди Айнакулов.

Эске сала кетсек, КСДП партиясынын саясий съезди эки жолу жылдырылган. Күтүлүп жаткандай, алдыда боло турган съездде партиянын жаңы лидери тандалат, алдын ала маалыматтарга караганда ал экс-президент Алмазбек Атамбаев болот.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...