Акыркы макалалар

С.Жээнбеков: Кабат-кабат үйлөр, кымбат баалуу унаалар кайдан келгени текшерилет

С.Жээнбеков: Кабат-кабат үйлөр, кымбат баалуу унаалар кайдан келгени текшерилет

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин декларациялык жыйынтык маалыматтарын кеңири текшерүү башталып жатат. Анын алкагында, кабат-кабат үйлөр, кымбат баалуу автоунаалар кайдан келгени да текшерилет. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков 6-мартта жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Анда Президент коррупция менен күрөшүү багытында артыкчылык менен иш алып барылаарын белгиледи.

С.Жээнбеков баардык мамлекеттик кызматкерлер баардык жагына текшерилээрин, ал үчүн калк менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын колдоосу керектигин, билинбеген коррупциялык фактылар аныкталса алар боюнча да текшерүүлөр болооруна ишендирди.

Президенттин айтымында, ак эмгек менен миллиондорду тапкан ишкерлер да бар. Бирок аз айлык алган айрым бир мамлекеттик кызматкерлердин байлыгын айтып мактануусу элдин кыжыры келтирүүдө.

“Качан укук коргоо органдары жең ичинен тапкан байлыгы үчүн уялып калган учурда коррупция үчүн күрөштүн жыйынтыгы көрүнөт”, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...