Акыркы макалалар

«Достук» бекетинде көзөмөл кабиналары отузга көбөйтүлөт

«Достук» бекетинде көзөмөл кабиналары отузга көбөйтүлөт

Кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» көзөмөл-өткөрмө жайындагы кабиналар 30 бөлмөгө жеткирилет. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков 5-мартта Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жана Өкмөттүн чек араны делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров менен жолугушууда сөз болду.

Анда Уларбек Шаршеев «Достук — автоунаа» көзөмөл-өткөрүү бекетиндеги элди өткөрүү шартын жогорулатууга багытталган чечимдер жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, чек арага чектеш аймактарда соода-сатыктын өнүгүшүнө байланыштуу элдин агымы көбөйүүдө. Ал эми көзөмөл бекеттеринин өткөрүү шартын жогорулатуу максатында паспорттук көзөмөл кабиналарынын саны 30 бөлмөгө чейин көбөйтүлөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү жайларында жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...