Акыркы макалалар

Балчылык – пайдалуу ишкердик

Балчылык – пайдалуу ишкердик

Жылдан жылга көбөйүп бир чети экономикабыздын өнүгүшүнө салым кошсо, экинчиден балдан даярдалган продукциялардын дарылык касиети өтө жогору болгондуктан элибиздин деп соолугуна оң таасирин тийгизип келет. Алсак, расмий маалыматтар боюнча 2013-жылы Нарын облусунун аймагындагы 25 ишкердин күчү менен 18390 литр бал өндүрүлүп, сатыкка коюлган. Бул каттоого алынгандары гана. Ал эми экиден-үчтөн бал челек кармап, расмий катталбай иштеп аткандар ондоп саналат. Өткөн жылы дүйнөлүк кароо-сынакта Кыргызстандын, анын ичинде Ат-Башынын ак балы сапаты боюнча эң мыкты деп табылганын өзгөчө белгилеп кетишибиз керек. Аарылар эң мыкты чаңдаштыруучу касиетке ээ болгондуктан бал челектер жайгашкан аянттардагы түшүмдүүлүк 30 пайызга жогору болоору да илим жүзүндө далиденген. Демек биздин облусубузда балчылыкты өнүктүрүүнүн перспективасы өтө жогору.

«Кышкысын аарылар да кыштоодо болот»

,-дейт балчылык менен алектенген жеке ишкерлердин бири, Нарын шаарынын тургуну Алыбек Орозакунов. -Балчылык менен иштей баштаганыма быйыл беш жылдын жүзү болду. Мурда соода-сатык менен алектенчүмүн. Кийинчерээк соода деле жакшы болбой калган соң теңтуштарымдын сунушу менен балчылыкка аралашып кеттим. Учурда бал челектеримдин саны кыркка жетип калды. Жыл мезгилине жараша азайып, же көбөйүп турат. Кышкысын аарыларды өздөрүнө керектүү запас балы менен кыштоого киргизем. Бирдей температура сакталып, болгон шарты түзүлгөн бир бөлмөдө кышташат.

Аарылар табиятынан эмгекчил жандык. Жаздан күзгө чейин нектар, пыльца чогултуу менен алектенишет. Булардын биринчи максаты чаңчаларды, балды чогултуп, тукум улоо. Бир челекте болжол менен 20-25 миңдей аары болот. Жайдын толук кезинде 60-70 миңге чейин көбөйөт. Алардын санын килге тартуу менен гана болжоп чыгарабыз. Бир челекте бир эне аарысы, калгандары жумушчу аарылар болот. Эне аары жумуртка тууйт.

Буларга керектүү көлөмдөгү нектарды берүү үчүн массалык түрдө гүлдөгөн аянттарга алып барабыз. Жазында биринчи эспорцет гүлдөгөндө Нарын районундагы Жан-Булак айылына жайгашабыз. Андан кийин Жаңы-Талап, Ат-Башы районунун Өзгөрүш айлына чейин барабыз. Экинчи чабыкта кайрадан Жаңы-Талап, Жан-Булак айылдарына келебиз. Аарылар убакытты жана өтө кылдат мамилени талап кылат. Бир аз эле кемчилик кетирсең, запас балы түгөнсө, же эскирип калган маткаларын алмаштырбай койсоң семья бузулат. Аарыны да мал сыяктуу карап, гүлдүү жерге алып барып, күчтүү семья түзүү керек.

Бал даярдоо процесси

Алыбек байкенин айтымында, гүлдөр чаңдашуу мезгилинде курт-кумурскаларды өзүнө тартыш үчүн нектар бөлүп чыгарат. Ошол нектарга аары учуп барып 7-8 миллиметр ичине кирип турган тумшугун (хоботок) чыгарып, нектарды соруп алып, курсагына (зобик) толтурат. Анан уясын көздөй учуп келип, уядагы башка аарыга (приемңицага) тумшугу аркылуу өткөрүп берет. (Аарылар 2 километр жерге чейин барып нектар чогултушат.) Ушул учурда нектар аарынын шилекейи менен аралашат жана аары нектардын нымдуулугунун канча бир пайызын өзүнө сиңирип алат. Ал эми өткөрүп алган аары дагы нектардын кайсы бир пайыздагы нымдуулугун өзүнө сиңирип, шилекейи менен аралаштырып, дээрлик 60-70 пайызга даяр болуп калган балды ячейкага куят. Андан соң микроклиматты сактап жылытып туруп тизилип алып канаттарын желпилдетип нымдуулукту азайтышат. Даяр болгондо ячейкаларды толтуруп, төгүлүп кетпөөсү үчүн воск менен чаптап коет. Воскту курулуш материалы катары аарылар өздөрү иштеп чыгат. Бал челектеги ячейкалардын баары чапталганда бал бышып, тартканга даяр болот. Ошондон кийин капкагын кесип, балды тартып алышат. Бал аарынын шилекейине аралашкандыктан антибиотик касиетине ээ.

«Нарындын балы дүйнӨлүк аренада мыкты деп табылган»

- Балдын аз, же көп алынышы аба ырайына жана дыйкандарга байланыштуу болот,-дейт маектешим. –Дыйкандар канчалык гүлдүү чөп айдаса, аба ырайы жаанчыл болбосо аарылар ошончолук жакшы иштешет. Орто эсеп менен бир сезондо бир бал челек 40-50 килограммга чейин бал бериши мүмкүн. Ал эми бир тартканда 10-15 килограммдан берет.

Балды жаңы тартып алгандан кийин тезирээк оозу кичинекей идиштерге куюп алуу керек. Себеби таза бал белгилүү мөөнөттөн кийин кристаллдашып, коюуланып, апакай болуп катып калат. Андай абалында идиштерге куюш кыйын. Аны кайра суу мончосу менен эриткенге туура келет. Сатыкка койгондо мурда алып көрбөгөндөр көп түшүнө бербейт. Баасын туура эмес көрүшөт. Негизи Нарындагы баа башка региондорго караганда кыйла арзан. Азыр бир кили 250 сомдон. Кардарларыбыз азырынча Нарын шаарынын тургундары. Буюрса былтыр Нарындын эспорцетинин балы (ак бал) дүйнөлүк көрсөтмөдө мыкты деп таанылгандан бери суроо-талап жакшы болуп калды. Кыргызстандын Балчылар союзунун төрагасы Казим Каракетов дүйнөлүк көрсөтмөгө Кыргызстандын бардык региондорунун балын алып барган. Дүйнө жүзү боюнча биздин балдын курамы пайдалуу микро элементтерге абдан бай, экологиялык жактан эң таза деп табылган.

«Бал менен иштегенден бери грипп менен оорубайм»

-дейт Алыбек байке маегин улай. -Балдын дарылык касиети өтө жогору. Ушул тапта көп эле үй-бүлөлөр витаминдердин жетишсиздиги менен жабыркашат. Мындай кезде күнүнө жок дегенде бир чай кашыктан бал жеп турса организмге керектүү элементтер толукталып калат. Мисалы мен өзүм кудайга шүгүр, аары менен иштегенден бери дайыма аарыга чагыласың, балды жейсиң, ошол себептерден кышкысын грипп болуп оорубайм. Аарыдан чыккан прополис, воск, подмор (аарынын өлүгү), перга, пыльца сыяктуу продукциялардын баарынын дарылык касиети күчтүү. Өзүңөр билесиңер, азыр апитерапия деп аарыга чактырып дарыланып, көп ооруларды айыктырып атышат. Аарынын өлүгүнөн (подмор) да тундурма кылып дарыларды жасайбыз. Мындайча айтканда балчылык калдыксыз технология.

Балчылыкты Өнүктүрүү үчүн эмнелер керек?

Алыбек Орозакунов билдиргендей, Кыргызстанда атайын балчылык менен алектенгендердин союзу, коомдору, сайты, дүкөндөрү бар. Алар ар дайым бири-бирине көмөктөшүп, байланышып турушат. Алыбек байке да Кыргызстандагы Балчылар Союзунун мүчөсү. Анын айтымында, балчылыкка каражат абдан көп кетет. Бери болгондо бир бал челек уюштуруу 15 миң сомду талап кылат. Бир семья аарынын баасы породасына жараша 4000-4500 сомдун тегерегинде. Атайын зымдар, рамкалар, торлор, коргоочу кийимдер, балды кесип алуучу бычактар, шеткалар жаңыртылып сатып алынып турат. Балчылык да мал чарбасына киргендиктен жеңилдетилген кредиттерди алышат.

- Көйгөйлүү маселе элдин, дыйкандардын жакшы түшүнбөстүгү,-дейт маектешим. -Мурда Союз кезинде колхоздор балчылар коомдоруна атайын кайрылып, айдоо аянттарына бал челектерди жайгаштырууга шарт түзүп беришчү. Себеби аарылар чаңдашуу процессин жакшы жүргүзгөндүктөн түшүмдүүлүк 30 пайызга чейин көтөрүлөөрү илим жүзүндө далилденген. Азыр болсо айдоо аянттарын өзүбүз издеп барабыз. Айрым учурда аянттардын ээлери макул болбой, түшүнбөстүк менен мамиле кылышат. Тегерек четтеги тургундар да «аарылар бизди чагып алат, чөптүн ширесин соруп алып колориясын азайтат» деген сыяктуу кептерди айтып тоскоол болушат. Бирок албетте баары эмес. Бара-бара эл деле түшүнүп келатат.

Продукциябызды сыртка алып чыкканга көп тоскоолдук болот. Анын үстүнө дүң баасы арзан. Ушул боюнча мамлекет тарабынан жардам болсо балчылыкты өнүктүрүүгө жакшы шарт түзүлмөк. Мындан тышкары аарылардын дыйкандарга кандай пайда алып келээри тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлсө жакшы болоор эле.

Балчылык тууралуу баяныбыздын соңунда коомчулук да бул маселелерди туура түшүнүп, балчылыктын өнүгүүсүнө жардам берсе, жүздөгөн пайдалуу элементтерден турган ак балыбызды ден соолук үчүн пайдалана билишсе деген тилекти айткыбыз келет. Ал эми ушул ишкердиктин ысыгына күйүп, суугуна тоңгон Алыбек Орозакунов сыяктуу ишкерлерибизге ийгилик кааламакчыбыз.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...