Акыркы макалалар

Ош: Дагы бир имам кылмышка шектелүүдө

Ош: Дагы бир имам кылмышка шектелүүдө

Ош облусунун Араван районуна караштуу Тепе-Коргон айылынын имамы адам уурдап, анын туугандарынан 400 миң сом талап кылганы айтылууда. Окуяга байланыштуу акча талап кылуу беренеси менен кылмыш иши козголду. Уурдалган жарандын туугандары сот шектүүнү үй камагына чыгарганына нааразылык билдирип чыкты.

Аравандын тургуну Фуркат Рахмановду ушул жылдын февраль айында Тепе-Коргондун имамы Оринжан Мамадалиев «зына кылдың» деп үйүнүн жер төлөсүнө камап коет. Ал ошол күнү бир тууган агасы Азадбек Рахмановго белгисиз адамдардын атынан чалып, «иниң кылмыш кылып милицияга түшүп калды, тезинен биз айткан дарекке келип калыңыз» деп чакырат. Азадбек Рахманов айтылган дарекке барса имам Оринжан инисин өз үйүндө камап, акча талап кылды дейт.

- Мечитте имам болуп туруп, айылдык кеңеште депутат болуп туруп кантип ушул ишти жасадыңыз дедим. Ажы адам кантип көчө балдары менен биригип, кылмышка барат деп сурадым. Ал бир тууганымын аялы менен менен көңүлдөштүк кылыптыр деди. Ошон үчүн аны камадык. Канча акча берип алып чыгып кетесиң деди. Менин акчам жок дедим.

Кылмыш ишин ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы козгогон. Имам О.Мамадалиевге карата Кылмыш-жазык кодексинин 125-170-беренелериндеги адам уурдоо жана опузалап акча талап кылуу айыбы коюлду. Жабырлануучунун жакындары имам сотко пара берип үй камагына чыкты деген ойдо. Анткени анын кылмышы оор. Үй камагына чыгып жабырлануучуларга карата коркунуч пайда кылууда. Анткени имам адам уурдоону уюшкан кылмыштуу топтордун жардамы менен кылган.

- Иними уурдап, сабагандан кийин биз да коркуп калдык. Алар түндөсү биздин туугандарды сыртка чакырып кетет. Кордолуп, сабалган иним азыр ооруканада. Биз көчө балдары «ооруканадан алып чыгып кетип өлтүрүп кеобу» деп коркобуз. Президентибизден жардам сурайбыз. Ал дагы укук коргоо органдарын элге жардам бергиле деп айтты. Себеби инимин эки баласы бар.

Ош облустук соту 27-февралда шектүү О.Мамадалиевдин баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгарган. Жактоочулары ден соолугу начар абалда экенин жана үй-бүлөдө 3 баланын, картайган ата-энесин багуучусу экенин эске алуусун соттон суранган. Ошондой эле, тергөө жана сурак иштерине баш тартуусуз келүү милдеттенмесин алган. Ош облустук жана шаардык сотунун маалымат кызматкери Бекзат Осмонкулов буларга токтолду.

- Бул иш 2018-жылы Ош облустук сотунда жазык процессуалдык боюнча соттук коллегиясында каралып, 2 шектүү боюнча шаардык соттун токтому күчүндө калтырылды. Сот бир айыпталуучунун үй-бүлөлүк абалын, үйдө жалгыз багуучу катары эске алып, үй камагына өзгөрткөн. Бул токтом акыркы эмес, нааразы тарап Жогорку Сотко кайрылууга укуктуу.

Кылмышка шектүү Оринжан Мамадалиев Тепе-Коргон айылдык кеңештин депутаты. Ажыга мурунку жылдары барып келген. Ал Рахмановдон «аял менен көңүлдөштүк кылдың» деп 400 миң сомдон башка «Матиз» үлгүсүңдөгү автоунаасын бересин деп талап кылганы айтылат. Сот имам менен кошо кармалган дагы бир Алтын деген шектүүнү убактылуу кармоочу жайга калтырган. Ал шектүү уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар экени айтылып жатат.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...