Акыркы макалалар

Өлкө экономикасынын локомотиви

Өлкө экономикасынын локомотиви

Жакында «Жогорку-Нарын ГЭС» жабык акционердик коомунун башкармалыгы тарабынан журналисттер үчүн маалымат иш чарасы уюштурулуп, анда журналисттер каскад курулушу боюнча толук маалымат ала алышты.

Эске сала кетсек 2012-жылдын 20-сентябрында Россия менен Кыргыз Өкмөттөрүнүн ортосунда Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу жана эксплуатациялоо боюнча келишим түзүлгөн. Келишимде Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын гидробайламтасында төрт: Ак-Булуң ГЭСи, Нарын ГЭСи-1, Нарын ГЭСи-2, Нарын ГЭСи-3 ГЭСтеринин салынышы каралган.

Ири долбоорду ишке ашыруу максатында «Жогорку-Нарын ГЭСи» жабык акционердик коому түзүлгөн. 2012-жылдын 27-октябрында өлкөбүздүн Президенти А.Атамбаевдин катышуусунда «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун аянтында эстелик белгисинин түптөлүшүнүн салтанаты болуп өткөн.

2013-жылдын 11-январында ачык конкурстун жыйынтыгы менен «Ленгидропроект» ачык акционердик коому жеңүүчү деп табылып, аны менен каскаддын техникалык-экономикалык негиздерин (ТЭО) иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлгөн. 2013-жылдын 24-апрелинде «Ленгидропроект» ААКу ТЭОнун үстүнөн жүргүзүп жаткан иштерин аяктаган. Ошентип, 2013-жылдын 12-июнунда мамлекет башчысы А.Атамбаевдин жана «РусГидронун» башкармалыгынын төрагасы Евгений Доддун катышуусунда «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» каскадынын курулуш иштеринин башталышынын салтанаттуу аземи өтүп, анын жүрүшүндө Нарын ГЭС-1 дин плотинасына бетондун алгачкы кубометри түптөлгөн.

2013-жылдын 26-ноябрында «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» каскадынын техникалык-экономикалык негиздери бекитилип, долбоордун документациясы боюнча каскадтын станцияларынын курулушунун баасы 24 млрд рублди түзгөн.

Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарын куруу долбоорунун башкы максаты болуп:

-Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо, электр энергия жана кубаттуулуктун регионалдык рыногунда Кыргызстандын позициясын бекемдөө;

-Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатуу;

-республиканын энергетикасынын күйүүчү-майлоочу ресурстардын баасынан көз каранды болушун азайтуу;

-өлкөбүздөгү экономикалык өсүштүн жогорку темпин кармоо;

-калктын жашоосун жакшыртуу жана кирешесин өстүрүү;

-бюджеттин бардык баскычтагы киреше базасын жогорулатуу;

-Кыргызстандын калкынын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу, жаңы жумушчу орундарын түзүү;

-келечекте электрэнергиясына болгон тарифтердин ылдыйлашына шарт түзүү;

-бир катар социалдык маселелерди чечүү болуп саналат.

Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу 6 жылга созулуп, 2019-жылы ишке киргизилмекчи. Электрстанциялардын жалпы кубаттуулугу 237, 7 МВт болсо, электрэнергиясын жылдык орточо иштеп чыгуусу 942, 4 млн кВт.с.

2013-жылда «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» каскадынын курулуш долбоорун ишке ашыруу максатында бир катар обьекттердин курулушу жүргүзүлгөн.

«Жогорку-Нарын ГЭСте» болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча Кыргыз тарап менен Россия Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстан эгемендүүлүктү алган акыркы жылдардагы инвестициялык долбоорлордун эң орчундуусу экендигин айтып келип, өлкө башчысы А.Атамбаев бул долбоор тууралуу: «Долбоор Кыргызстандын экономикасынын локомотиви болот» деп айтканын баса белгиледи.

- Нарын суусунда ГЭС каскадынын курулушу Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө чоң түрткү болот. Андан сырткары көптөгөн жумуш орундарынын түзүлүшү социалдык маселелерди чечсе, электр энергиясын сатуудан мамлекеттин каржы маселесине да оң таасирин тийгизет. Мына үч айдын ичинде эле «Жогорку-Нарын ГЭСтин» салыкка төккөн салымынан жергиликтүү бюджетке 1,5 млн сом түшкөн. Мындан сырткары, инфраструктурабыздын өнүгүшүнө чоң салым болуп жатат, айыл чарба продукцияларын өндүрүү, сатууга да жол ачылып жатат,- деди облус жетекчиси.

«Жогорку-Нарын ГЭС» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын башчысы Игорь Горбенконун билдирүүсүндө вахталык шаарча ТЭО боюнча 2150 адамга, анын ичинен 1886 орун жумушчуларга ылайыкташкан. Учурда курулган обьектилердин ичинде кампалары бар пионердик база, бетон заводу жана майдалоочу жана сорттоочу чарба, административдик корпусу бар изилдөөчү база, тиешелүү инфраструктурасы менен 300 адамга ылайыкташып курулган убактылуу вахталык шаарча, анын көмүр от казаны, ГЭС-1дин курулуш обьектилеринин жана өндүрүш базаларынын ички аянттык жолдору, биринчи кезектеги канализациялык жана суу тосмо курулмалары бар.

- Шаарча дээрлик 2000 жумушчуга эсептелгендиктен, жумушчулар вахталык ыкмасы менен иштешет. Бул цифраны эки эсе көбөйтүү зарыл. Себеби ушунча адам, алсак, 10 күн иштеп кетсе, кайра эле ошончосу келип алмашып турат. Учурда каскаддардын курулушу үчүн зарыл болгон инфраструктураны куруп жатабыз. Буюрса апрель айынан баштап бул жерде иш жүргүзүүчү компаниялар келишип, жумуштар толук башталат. Эң башкысы учурда электр энергиясы менен камсыз кылуучу подстанция ишке киргизилди. Скважинаны бургулап таза суу маселесин да чечип алдык .Учурда жолдор жасалып жатат, Нарын суусу аркылуу өтүүчү убактылуу көпүрө да коюлганы турат. Бардык курулуш иштерин жүргүзүүнү тендер аркылуу конкурстук негизде ачык-айкын жүргүзүүдөбүз. Каскаддын курулушунда иштей турган компаниялардын ичинде эч жумушчулары, техникасы жок туруп эле тендерге катышкандары да болбой койгон жок. Андай компания менен дароо эле келишимди токтоттук. Жумушчулардын көпчүлүгү жергиликтүү жашоочулардан алынууда. Албетте, атайын адистер талап кылынган иштер бар. Андай жерде башка жактан келгендер да иштешет. Келишимде каралган боюнча жергиликтүү бийлик менен тыгыз иш алып баруудабыз. Ар бир бейшембиде оперативдүү кеңешме өтүп турат.-дейт И.Горбенко.

Албетте, «Жогорку-Нарын ГЭС» каскадынын курулушу Кыргызстандын энергетика маселесин толук чече койбойт.Ошентсе да, И. Горбенконун айтуусу боюнча, ГЭС каскаддарынын курулушу бери эле дегенде Нарын облусун толук электр энергиясы менен камсыз кыла алат жана өндүрүштүн өнүгүшүнө да чоң салым кошуп, инвесторлордун келишине шарт түзүү менен бир катар социалдык маселелер чечилет. Алсак, Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарын куруу ишке жарактуу бир топ жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылуунун көрсөткүчүн жогорулатат. Ошондой эле, калкка транспорт, саламаттык сактоо, билим берүү, дене тарбия жана спорт, маданият, коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатып, бардык шарттары бар үйлөрдү курууга шарт түзөт. Бир жагынан алып караганда, бул долбоор эки өлкөнүн ынтымагын арттырууга чоң өбөлгө түзүүдө десек да жаңылышпайбыз.

- Келишимде каралгандай, кыргыз тарап ГЭС каскаддарын курууга тиешелүү жер маселесин чечип бериши керек болсо, орус тарап акчасы менен кирип, бардык курулуш иштерин бүтүрүүсү керек. Ал эми жер маселеси да бир катар маселелерди жаратпай койбойт. Жер ченегичтердин иши бир топ убакытты алат. Алсак, бул шаарчаны курууга жер өткөн жылдын 12-октябрында бөлүнүп берилген болсо, биз курулуш иштерин 12-июнда гана баштай алдык. Себеби, Кыргыз Өкмөтүнүн бул тууралуу токтому төрт жолу кайра каралып, иштелип атты. Албетте, мен бул процессти түшүнөм, бирок, мен куруучу катары «мага жер бергиле, акча бергиле « деген талаптарды гана коё алам. Негизинен, биз келишимде көрсөтүлгөндөн алдыда баратабыз. Себеби, ТЭОдо көрсөтүлгөндөй, даярдык аралыгынын обьектилери 2014-жылдын январь айынан гана баштап салына баштамак. Ал эми башкы обьектилерди курууга 2015-жылы гана киришмекпиз. Бирок, бул курулушка кызыкдар тараптын көп экендигин билгендиктен биз курулушту тез сапаттуу бүткөргөнгө аракет кылып жатабыз. Бул жерде 4000ге чукул адам эмгектенсе, мындан сырткары биз менен автотранспорттук канчалаган мекемелер иштешет. Болжол менен айтканда бул долбоорго 5000ге чукул адам тартылат. -дейт И.Горбенко.

И.Горбенко баса белгилегендей, «Жогорку-Нарын ГЭС» жабык акционердик коому бул жерде иштей турган персоналды кабыл албайт.

- Биз болгону заказ берүүчү компаниябыз. Менин штатымда 40 адам иштейт. Ал эми бардык обьектилерди кыргыз компаниялары курушат. Алар өздөрүнүн жумушчуларынан сырткары жергиликтүү калктан да канча бир пайыз жумушчуларды алышы керектиги келишимде каралган. Ошондуктан бул маселени биз чечпейбиз.-дейт башкармалыктын башчысы.

Ал эми Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарын куруу үчүн жер маселесин чечүүдө көп деле кыйынчылыктар болбойт.

- Кыргыз Өкмөтү менен Россия Өкмөтүнүн ортосундагы мамлекет аралык келишим боюнча жерге , сууга, жолго байланышкан маселелердин бардыгын кыргыз тарап чечиши керек. Бул боюнча , биринчи шаарчанын курулушуна, биринчи ГЭСтин аймагына 240 гектар жерге Өкмөттүн токтому чыкты. Бул маселе чечилди. Албетте, жерге байланышкан маселе өтө оор процесс, жергиликтүү бийлик, Өкмөт, бардык министрликтин макулдугу менен чыгарып турчу нерсе. Эми экинчи, үчүнчү ГЭСтерге да ушундай процесстер жүрүп жатат. Туура, биринчиси өтө кечигип чыкты, себеби, биринчи жолу эл менен иштеп, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, себеби, 240 гектардын 170 гектар жери элдердин эгин, чөп айдаган талаасына туура келип калды. Анан эл менен сүйлөшүп, аларга 10 млн. сомдун тегерегинде 2013-жылда алчу түшүмүнүн компенсациясын төлөп берип, чечкенге көп убакыт кетип калды. Эми мындан аркысын Кыргыз Өкмөтү убагында чечип турат деп ишенебиз. Бул үчүн Өкмөттө Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча атайын штаб түзүлгөн. Эми мындан кийинки ГЭСтерге да ФПС тин жерлери туура келип калса, ушундай эле процесс жүрөт. Ал эми үлүш жерлерге компенсация төлөнбөйт. Анын ордуна альтернативдүү ошондой эле жер беришибиз керек. Буга чейин үлүш жерлер туура келген жок, мындан ары 33 гектар жер келет, ошондо биз суу баскан, альтернативдүү жер сунуш кылышыбыз зарыл. Эгер жер ээси таптакыр эле макул болбосо, сатып алышыбыз керек,-дейт «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын аппарат жетекчиси Эмил Алымкулов.

Шаарчаны кыдырып обьектилер менен таанышуу эки кабат административдик корпустан башталды. Бул жерде бардык шарттар түзүлгөн, бөлмөлөр жылуу, жарык экен. Мындан соң журналисттер жалпы шаарчаны жылуулук менен камсыз кылуучу типтүү көмүр от казаны менен таанышышты. Көмүр от казаны автоматташтырылгандыктан бул жерде болгону эки гана адам иштейт. Шаарчада ыплас сууларды тазалоочу жай да курулган. Мындан сырткары төрт платинанын аралыгында каттай турган 100 км жол салынса, иштин жүрүшүндө жылдырып, чогултуп турган көпүрө да коюлат.

Шаарчанын ичинде жумушчулар үчүн курулган ашкана 170 адамга ылайыкташкан. Ашкананын ичинде бардык шарттары түзүлүп, даараткана, кол жуучу, чечинүүчү, тамак даярдоочу, бөлүштүрүүчү жайлары, кампалары талаптагыдай бүткөрүлгөн.

- Бул курулуштарды биздин компания долбоорлоп курган. «Металлстрой» компаниясы блок контейнерлеринен курулуш ишин жүргүзүүдө. Буга чейин Ысык-Көлдө пансионаттарды куруп жүргөнбүз. Учурда, бизге ишеним артылып, ушундай чоң долбоорго катышып жатканыбызга сыймыктанып, бардык курулуштарды сапаттуу бүткөргөнгө аракет кылуудабыз. - дейт «Металлстрой» компаниясынын архитектору С.Чечулин.

Мындан соң журналисттер жумушчулардын жатаканасы менен таанышып чыктык. Жатакананын бир корпусунда 27 бөлмө болсо, ар бир бөлмөдө 2 ден адам жашайт.

- Бул жатакананын корпусу 54 адамга ылайыкташтырылып курулган. Ар бир бөлмөдө экиден адам жашайт. Бир адамга норма менен 12 кв метр туура келет. Азырынча төрттөн жашап жатабыз. Сапаты абдан жакшы. Жылуу, жарык, убактылуу суу киргизилген, санузелдер иштейт, ысык, муздак суулар бар. Эмеректер коюлуп, жууркан-төшөктөр менен камсыз кылынган. Вахта ыкмасы менен иш башталганда бир айдан жатып иштеп, алмашып турушат. Мындай корпустан дагы жалпы 1800 адамга ылайык жатакана курулмакчы. Жайга чейин бүтөбүз деген ниетибиз бар.-дейт техникалык көзөмөл боюнча адис Азамат Кыдыршаев.

Айтмакчы, шаарчанын ичинде жалпы 14 корпус курулган экен. Анын ичинде административдик корпус, медициналык пункт, дүкөн, ашкана, жатакана, айтор жумушчулардын жашоо-шартына керектүү жайдын бардыгы бар.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...