Акыркы макалалар

Күн жылыйбы? Дем алыш күндөрү күтүлгөн аба ырайы

Күн жылыйбы? Дем алыш күндөрү күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет ишемби, жекшемби күндөрө өлкө аймагындагы кандай аба ырайы болорун маалымдады

Ишемби күнү, 3-мартта, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй менен Талас облусунда түнкүсүн 6 градуска чейин суук болсо, күндүз 10 градуска чейин жогорулайт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түңкүсүн 1 градус сууктан 4 градуска чейин жылуу болсо, күндүз күндүн табы 11 градуска чейин көтөрүлөт.

Ысык-Көлдө түндө 6 градуска чейин суук болсо, күндүз 5 градуска чейин жылыйт.

Нарында сууктун күчү түнкүсүн 13, күндүз 5 градуска чейин жетет.

Эртеси, 4-мартта, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жана Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир тоолуу райондордо жаан-чачын болот. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Облустар боюнча алып караганда абанын температурасы олуттуу өзгөрбөйт.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...