Акыркы макалалар

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Азия чемпионатында 1-орун алды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Азия чемпионатында 1-орун алды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасы Азия чемпионатында жалпы командалык эсепте 1-орун алды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү билдирет.

Белгилей кетсек, Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда 21-февралдан 4-мартка чейин спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Ага 38 өлкөнүн спортчулары катышууда.

Кыргызстандык командага биринчи алтынды 18 жаштагы Акжол Махмудов 72 кг чейинки салмак категориясында алып келди. Мындан тышкары кураманын эсебинде төрт коло жана төрт күмүш медаль бар.

Жыйынтыктарды жалпылаганда, Кыргызстан курамасы – 157 упай менен 1-орун, Казакстан 156-упай менен экинчи орун, Өзбекстан 148 упай топтоп 3-орунду алды.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...