Акыркы макалалар

Күнөскана татаал жана кирешелүү бизнес

Күнөскана татаал жана кирешелүү бизнес

Кыргызстанда күнөскана бизнеси колго алынса, ал өлкөнүн брендине айланмак. Агрардык аймак болуп саналган Ош облусунда күнөскана куруу жана андан киреше алуу азырынча оор жана татаал ишкердиктин түрү болуп турат. Бирок аны иштетем деген дыйкандарга окутуулар көп болушу керектигин адистер белгилешет.

Максүт Кадыров Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну. Ал соңку 3 жыл бою короосундагы күнөскананы иштетип келүүдө. Ал күнөскананын түйшүгү абдан оор экенин айтат. Ал күнөсканада помидор жана бадыраң менен кошо помидор көчөттөрүн да эккен. Максүт күнөскана кирешелүү бизнес экенин угуп, өз алдынча аракет кылып баштаган.

-Өзүбүздүн эле үй шартта курдук. Биз эми башка күнөскана иштетип жаткандарга көчөт жеткирип беребиз. Кыштын күнүндө 1 тонна сууну 1000 даана көчөтко беребиз. Алардын ар бири 350 граммдан суу ичишет. Жаздын күнүнө барганда 4-5 тонна суу бере баштайбыз.

Өз алдынча аракет кылып күнөскана кургандардын дагы бири Өмөрали Жаркынбаев аксакал. Өзү 67 жашка келгенине карабай, короосундагы бекер жаткан жерге биринчи жолу күнөскана курду. Ал жерге помидор жана бадыраң эгет, анткени аны жаз айынын башында бул жашылчалардын баасы абдан кымбат сатылары аны кызыктырган.

-Бириничи телевизордон көрүп калып, кызыктым. Күнөскананы кантип курат экен деп интернеттен неберелериме айтып издеттим. Анан андан үйрөнүп аракет кылып, эми үйдүн жанына күнөскана курдум. Билбегеними күнөсканасы барлардан сурап келем.

Аймактарда өз алдынча ишкерлик баштагандарга сөзсүз түрдө теориялык билим керек. Оштогу ЖИА ишкерлери күнөскана ишкерлигине кызыккандар үчүн атайын Бишкек шаарынан көп жылдык тажырыйбасы бар күнөсканачы Тилек Токтогазиевди чакырып, семинар уюштуруп берди. Ал Кыргызстандын кайсыл аймактарына күнөскана курууга болоорун, климатка жараша кантип пайдаланууну кенен түшүндүрдү.

-Мен башында күнөскана бизнесин баштап жатып көп өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап чыктым. Биз кыргыздар мындай ишкерчиликти кылбаган үчүн биздин шартта ишти алып кетүү аябай кыйын болду. Анан ойлонуп биздин боз үй оюма келди. Ата бабаларыбыз кийизден куралган боз үйдө жашап келишкен го. Демек күнөскананы кийиз менен каптасак, ичи жылуу болот экен деп ойлодум. Маселен 5 сотых жерге күнөскана курсаң, аны кийиз менен жапсаң көмүр эки эсе аз коротулат экен. Биз пленка менен жапканда 500 кг көмүр жаксак, кийиздин ичинде 250 кга жага баштадык.

Адистердин айтымында дыйкандар күнөскана куруу үчүн чоң каражат керек дешет. Өкмөт ЕАЭБге киргенден кийин Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан эң аз пайыз менен кредиттерди берүүдө. Бирок кредитти мал чарбасына деп эл жапырт алган менен багбанчылык, күнөскана куруу жана аарычылык боюнча иштеп жаткандар аз.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...