Акыркы макалалар

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-февралдан башталат

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-февралдан башталат

ЖРТ каттоо 15-февралдан 5-апрелге жүрөт. Каттоонун шарттары мурдагыдай эле сүрөт, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк же паспорт талап кылат. Ал эми катталуу каражаты 320 сом. Тестирлөөгө быйылкы эле эмес, мурдагы жылдары бүтүргөндөр да катыша алат.

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо эртерээк башталып, катталуу үчүн узагыраак мөөнөт бөлүнүп берилди. Маалыматка ылайык, ушул жылы бутүрүүчүлөр тест тапшыруу үчүн 15-февралдан тартып каттала башташат. Ал үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспорт, сүрөт жана мектепти аяктай тургандыгын күбөлөндүргөн документ керек. Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун адиси Чынар Батракееванын билдиришинче тестке мурдагы жылдары бүтүргөндөр да катышса болот.

-Тестке каттоо 15-февралдан 5-апрелге чейин болот. Быйыл узагыраак мөөнөт бөлүндү. Каттоо үчүн 3х4 өлчөмүндө сүрөт керек. Ошондой эле, тестке кирүү акысын тастыктаган квитанция, паспорт керек болот.

Тестти өткөрүүдө структура ошол бойдон калат, бирок тартип күчөтүлөт. Уюлдук телефон колдонгондор, тартип бузгандар дисквалификация болот. Бул туурасында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Инна Валькова билдирди.

-Албетте тесттеги тапшырмалар өзгөрүлөт. Бирок талаптар жана тартип ошол бойдон. Балким күчөтүлөт. Алар боюнча кийинчерээк айтылат, бүтүрүүчүлөр ошол күнү кабардар болушу мүмкүн. Ошондуктан ата-энелерге, мугалимдерге азыртадан эскертип кетет элем. Балдардын тест учурунда телефон колдонуусу аны дисквалификация кылат.

Ал эми жогорку окуу жайга кабыл алуунун босого баллын көтөрүү пландаштырылган эмес. Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев баллдык көрсөткүч мурдагыдай эле калгандыгын айтты.

—Босого балл 110 баллдан төмөндөп же көтөрүлбөйт. Бирок ар бир категория эске алынган. Тоолуу аймактар, шаарда тапшыргандар өз-өзүнчө эске алынат.

Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматына ылайык, приоритеттүү тармак катары айыл чарба тармагынын адистиги, билим берүү, курулуш, энергетика, байланыш жана өнөр жай тармагы болуп эсептелет. Кошумчалай кетсек, быйыл 62 миң бутүрүүчү мектепти аяктайт.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...