Акыркы макалалар

Кытай басылмаларында Кыргызстандын дарегине сын айткан макала пайда болду

Кытай басылмаларында Кыргызстандын дарегине сын айткан макала пайда болду

Кыргызстандагы алтын кениндеги кол салууга Кытай тарап реакция кылды

Борбор Азияда иштеп жаткан кытай ишкерлери өз ишинин кыйынчылыктарды тууралуу эл алдында айтып чыккан учурлар сейрек кездешет. Бирок Кыргызстандагы кенчилердин жагдайынын начарлап кетиши жөнүндө Кытайдын мамлекеттик ММКларына жарыяланган даттануу өзгөчө көңүл бурууга арзыйт.

Өткөн аптада Кыргызстандын Чүй областында болуп өткөн нааразылык акциясы «Сол жээк Талдыбулак» алтын кенинин ишин токтотууга себепчи болду. Жергиликтүү ММКлар 22-октябрда бир нече жүздөгөн жергиликтүү тургундар Орловка айлында жайгашкан кытай компаниясынын офисинин алдына пикетке чыкканын кабарлашты. ММК берген маалыматтарга таянсак, жергиликтүү тургундар алтын кенин иштетүүнү токтотуу талабын коюшкан. Кытайдын «Superb Pacific Ltd» компаниясы 2014-жылы иштетүүгө бериле турган участокто даярдоо иштерин жүргүзүп жаткан. Айрым МККлар берген кабарларга таянсак, кытай менен кыргыз жумушчуларынын ортосунда кармаш болгон. «Эркин Европа» радиосу нааразылык акциясынын катышуучулары «Кыргызстандын жараны кытай компаниясынан мыйзамсыз бошотулду жана кытайлар жергиликтүү айлана-чөйрөнү булгап жатат» деп нааразы болушканын маалымдады.

Маалыматтарга таянсак, 250гө жакын кытай жумушчулары эвакуацияланган, ошондой эле даярдоо жумуштары белгисиз мөөнөткө чейин токтотулган. 28-октябрда болуп өткөн окуяга жооп кылып Кыргызстандагы Кытайдын Соода палатасынын башчысы Ли Деминг англис тилинде «Global Times» партиялык гезитине Кыргызстандагы бизнес жүргүзүүнүн «жөнөкөй эмес экендиги» тууралуу макаланы жарыялаган.

«Оппозициялык партиялардын шыкагы аркылуу иштеген жергиликтүү жашоочулардын каршылыгы адатта ошол өлкөдө туруксуз жана кооптуу жагдайларда иштеген көптөгөн чет элдик компанияларды кубалап жиберет» деп жазды Ли. Ал Кыргызстандын тоо кен өнөр жайында 50дөн ашык кытай компаниялары иштеп жатканын кошумчалады. Бирок ал бул мамлекеттин өкмөтүн өз кезегинде жергиликтүү жашоочулардын нааразылыгынын негизги себеби болгон коррупцияга жана лицензия берүүдөгү алешемдикке тиешеси бар деп айыптады. «Эгерде кыргыз өкмөтү өз маселелерин чечпесе, биз кен иштетүү боюнча эл аралык ресурстук долбоорлордун жагымсыз кесепеттерине күбө болобуз», деп белгиледи Ли.

Орловка айылында болуп өткөн зомбулук катардагы көрүнүш болуп саналат. Акыркы жылдарда Кытайдын жана Батыштын компанияларына бир нече жолу кол салынган. 2011-жылы август айында 300гө жакын жергиликтүү жашоочулар Нарын областында жайгашкан «Солтон-Сары» алтын кенинде иштеген үч кытай жумушчусун сабап салган. Жергиликтүү жашоочулар кытайлыктарды экологиялык коопсуздук стандарттарын четке кагышкандыгы жана кыргыз жумушчуларына начар мамиле жасагандыгы үчүн күнөөлөшкөн. Ошондой эле участокту коргоого аракет кылган үч кыргыз милиция кызматкерлери дагы кол салууга кабылган. Ошол кезде Кытайдын элчиси Бишкекти чет элдик инвесторлордун кызыкчылыгын коргой албаганы үчүн сындаган.

Бир аз мурда Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан Жалал-Абад областында ондогон адамдар «Чараат» алтын кенине жол салып жатышкан кытай жумушчуларынын лагерине кол салып, жабдуулардын бир бөлүгүн тартып алышкан. Алар кытай жүк унаалары жергиликтүү жолдорду бузуп жатканына нааразы экенин айтышкан.

«Global Times» басылмасындагы өз макаласында Ли «айрымдары гана нааразылык акциясынын катышуучуларынын таарынычтарына өзгөчө көңүл бурат» деп тастыктайт.

Кыргызстан ресурстук улутчулдук менен жабыркап жаткан кези. Буга чейин үстүбүздөгү айда мыйзам чыгаруучулар элди ээрчитип келип, Өкмөт Үйүнө кирүүгө аракет кылган кезде кесепеттин масштабы даана көрүндү окшойт. Өз тарапташтарын Өкмөт Үйүнө кол салууга чакыргандан кийин үч депутат камакка алынды. Нааразылык акциясынын катышуучулары Кыргызстандагы ири алтын кенин мамлекетке өткөрүүнү талап кылышкан. Көрүнүп тургандай, депутаттар учурдан пайдаланып коомчулуктун бүт көңүлүн башка укуктук маселелерден алаксытууну каалашкан.

Дэвид Триллинг

«Eurasianet», 31-октябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : inozpress.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Пикирлер

  • S.A.K @ 10.11.2012 @ 12:41

    Лиге эмне жок, Кыргыздарга сын айтып?!