Акыркы макалалар

Жумушсуздук пенсиядагыларды кызматтан алуу менен чечилеби?

Жумушсуздук пенсиядагыларды кызматтан алуу менен чечилеби?

Кыргызстанда жумушсуз маселесин коомчулук мамлекеттик кызматтардан пенсия курагында иштегендерди четтетүү менен чечүүнү сунуштоодо. Антпесе, эки-үч диплому бар күчкө толуп турган жаштар жумушу жок, чет өлкөгө кетүүгө аргасыз кылууда. Ал эми мамлекеттик кызматкерлер жумушсуздукту башка жолдор менен чечүү керектигин айтышат.

Соңку жылдары Кыргызстанда жумушсуздардын саны өсүп жатканы айтылып келет. Статистикалык маалыматка ылайык, учурда өлкөдө эмгекке жарамдуу калктын 200 миңден ашууну ишсиз жүрөт.

Жумушсуздук күчкө толуп турган жаштарды чет өлкөгө кетүүгө аргасыз кылууда. Бирок акча табам деген эмгек мигранттар чет жакта канчалаган кыйынчылыктарга туштугаары айтылат.

Бишкек шаарынын тургуну Айбарчын айым пенсия курагында мамлекеттик кызматкерлер жумуш орундарын жаштарга орун берсе, жумушсуздардын саны азаймак дейт.

—Өкмөттүн 2009-жылы кабыл алынган токтому бар. Анда пенсия курагындагылар 65 жашка чыккыча мамлекеттик кызматта иштегенге укукту. Ушул токтомду жокко чыгарып койсо деле болмок. Азыр бүт жакшы кызматтарда пенсия курагындагы жарандарыбыз иштейт. Ал эми эки-үчтөн диплому бар жаштарыбыз жумуш издеп чет жакта жүрүшөт. Пенсионерлер жумушка айлыгын алыш үчүн барып, эптеп күнүн жумушта өткөрүп келет. Алар пенсия да айлык да алып жатышат. Ушул маселени өкмөт «Таза коом» программасынын алкагында карап койсо.

Чындыгында эле өлкөдө жумушсуздук курч маселе. Бейөкмөт уюмдардын иликтөөлөрү көрсөткөндөй, калктын 20 пайыздан ашыгынын жумушу жок.

Деген менен мамлекет жумушсуз жарандарына деле болушунча кам көрүп келет. Замандын талабына жараша керек болгон кесиптерге бекер окутуп, жумуш тапканча аз да болсо акчалай жардам көрсөтөт.

Өкмөт башчынын кеңешчиси, «Таза коом» долбоорунун координатору Талантбек Султанов Айбарчын айымдын сунушун карап көрө турган экенин билдирди. Ал жаштарды өкмөт жумуш менен камсыз кылат деген ойдон алыс болуп, өз алдынча ишкердикти ачууну сунуштады.

-Пенсиялык реформа боюнча ойлонуп көрө турган сунуш экен. Бүгүнкү күндө өкмөт чоң бир жумуш берүүчү мекемеге айланды. Өлкөдө баарына жете турган жумуш орундар жок. Биз мамлекеттик кызматкерлерди оптимизация кылып, айлык акыны көбөйтүшүбүз керек. Ошондо мамлекеттик кызматта иштегендер престиждүү болуп калат. Бирок экономика туруктуу болуш үчүн жаштар өз алдынча ишкердикти баштап, бутка турушса.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Каржы министри болуп турганда пенсияга чыгып, бирок мамлекеттик кызматта иштеп жаткан жарандардын айлыгын же пенсиясын 50 пайызга чейин кыскартууну сунуштаган эле. Андай кылбаса, ар кайсы мыйзамдарга таянып эрте эле пенсияга чыгып алгандардын саны көбөйгөнүн белгилеген. Ошол мезгилде укук коргоочулар мындай чечим менен жарандардын укугу бузулуп калат жеп каршы болушкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева пенсия кургагындагы жарандарды мамлекеттик кызматтан чететтүүгө карамайынча каршы экенин билдирди.

Анын пикиринде, жумушсуз маселесин бул жол менен чечүүгө болбойт.

Мамлекеттик кызматта иштегендердин эки пайызы гана пенсия курагындагылар. Бул тууралуу ЖК бешинчи чакырылышынын депутаты Каныбек Осмоналиев билдирди. Ал мамлекеттик кызматта жаштар менен тажрыйбалуу пенсия курагындагылар биргеликте иштөөсү зарыл дейт.

-Азыр мамлекеттик кызматта иштегендердин эки пайызы эле пенсия курагындагылар. Алар тажрыйбалуу болгону үчүн жаштарга жол көрсөтүп иштегенге керек. Эч качан жаштар менен улуу муундун ортосун бөлбөс керек.

Кыргызстанда аялдар 55, эркектер 60 жашынан пенсияга чыгышат. Ушу тапта өлкө аймагында 600 миңден ашык пенсионер бар. Алардын 30 миңден ашууну мамлекеттик кызматта иштешет.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы Түркмөнстанда мамлекеттик кызматтарда иштеген пенсия курагындагы кызматкерлер жумуштан алына баштаган. Бул түрмөн башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун көрсөтмөсү менен аткарылууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...