Акыркы макалалар

9-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

9-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 9-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз -2...+3;

Талас облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -2...+3;

Баткен облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...6;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3;

Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -3...-8;

​Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түкүсүн-10…-12°, күндүзү -1…+1°.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...