Акыркы макалалар

Жээнбеков: Оор кылмышкерди бошоткон сотторго мыйзамдуу чара көрөбүз

Жээнбеков: Оор кылмышкерди бошоткон сотторго мыйзамдуу чара көрөбүз

Кыргызстанда оор кылмыш жасагандарды бошотуп жаткан сотторго карата мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул тууралуу бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.

“Соттордун ишине киришейин деген кымындай да оюм жок, бирок алар оор кылмыш жасагандарды бошотуп жатса, кылмыш кылып жатса мен эмнеге карап турушум керек. Мени эл шайлагандан кийин мыйзам бузуу болгон баардык маселеге киришем. Мыйзам чегинде чара көрөбүз сотторго. Ар бир чечимди көзөмөлгө ала баштайбыз. Бул маселеге өзүм киришем”, - деди президент.

Мамлекет башчы “бир ишти бир канча жыл караган, бир жылда сегиз эле иш караган соттор бар” деп кошумчалады.

Ошону менен катар Жээнбеков оор кылмыш жасагандардын абактан эрте чыгып кетип жатканына байланыштуу Жаза аткаруу кызматынын ишин да сынга алды.

Кеңештин бүгүнкү жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралып жатат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...