Акыркы макалалар

Ымыркайларга төрөт үйүнөн күбөлүк бериле баштады

Ымыркайларга төрөт үйүнөн күбөлүк бериле баштады

Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк төрөт үйүнөн бериле баштады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күнү балдардын төрөлүшүн жана өлүм фактыларын мамлекеттик каттоого алуу Бишкектеги адам репродукциясы илимий борборунда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүндө, Бишкек шаардык гинекологиялык ооруканасында, шаардык перинаталдык борбордо, Чүй облустук бириктирилген ооруканасында жана Ош облустук клиникалык ооруканасында жүргүзүлө баштады.

Бул ооруканаларга 16 ноутбук жана биометрикалык паспортторду окуй турган 9 комборидер берилди.

Бишкек шаарындагы №1 жана №2 төрөт үйлөрүндө каттоо иштери жарандык абалды каттоо органындагы кызматкерлердин жетишсиздиги менен токтоп турат.

Бул каттоо иштери “Таза Коом” программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...