Акыркы макалалар

«Келечекте беш миң адам жумуш орду менен камсыз болот"

«Келечекте беш миң адам жумуш орду менен камсыз болот"

Нарын жергесинде колдун манжасындай эле саналган ири өндүрүш ишканалар бар. Анын көбү Кочкор, Жумгал жергесинде болсо, башка райондордо эки-үчтөн гана. Ал эми кийим тигүү өндүрүшүнөн Нарын шаарындагы жалгыз «Шалбар» жоопкерчилиги чектелген коому иштейт. Аталган кийим тигүүчү ишкана жалаң эркектердин шымын даярдап, Россияга экспорттойт. Жакында мына ушул жеңил өнөр жайын өндүрүүгө салым кошуп жаткан ишканага барып, тигүүчүлөр менен жумуш үстүндө акыбалдары менен таанышып, жетекчиликтин келечек пландарын угуп кайттык.

«Шалбар» кийим тигүүчү ишканасын Дүйшөнбек Таштанбеков үч жыл мурун негиздеп, Нарын шаарында ишин баштаган. Алгач имараттын жоктугунан ижарага үйлөрдү алышып эки-үч жерге көчүп, акыры Нарын райондук керек-жарак коомунун мурдагы кеңсесин ижарага алышып, азыркы убакта ошол жерде иш жүргүзүп келишүүдө. «Шалбар» эзелки кыргыз сөзү, азыркыча айтканда шым дегенди түшүндүрөт-деген«Шалбар» жоопкерчилиги чектелген коомунун администратору Таштанбеков Рысбек жумуш башталгандагы кыйынчылыктар, учурдагы акыбал, келечектеги пландар тууралуу кеп салып берди.

--Алгач келгенде түшүнбөөчүлүктөр көп болуп, жумушту тартипке салып кетиш аябай оор болду. Жумушчулардын бирөө үйүнө киши келип же иши чыгып калса, жумушка келбей коёт. Дагы бирөө кечигип келет. Бригада болгондон кийин бирөө чөнтөгүн, бирөө капталын, дагы бирөө артын тигет. Бирөө жок болсо эле иш жүрбөй туруп калат. Ушуну түшүндүрүп, бирдей тартипке келтире албай көп убара тарттык. Айрым жакшы иштей албай бошоп кеткендер бизди жамандап бут тоскондор болду. Атайы адистердин жоктугу кыйынчылыктарды жаратты. Технолог орустарды, өзбектерди алып келдик. Айына 80 миң сомго чейин аларга айлык төлөгөнгө мажбур болдук. Бирок алар биз ойлогондой ишти алып кетишкен жок. Акыры өзүм окуп үйрөнүп, азыр кудайга шүгүр ишти жолго коюп алдык.

Башында айылдан сурангандарды бекер окутуп келгенбиз. Алардан жыйынтык болбой койду. Анан долбоор иштеп чыгып, окуйм деген кишиге беш миң сом төлөтүп баштадык. Эки жума гана окутуп, үйрөтүп чыгабыз. Аны менен кошо жумуш беребиз. Окугандан кийин ошол айылына барып машиналарын сатып алып, бизге күрөө коюп, бычылган кийимдерди алып барып тигип өткөрүп турушат. Биздин талап кийимдер сапаттуу тигилиш керек.

Буга чейин Кытайдын Гуан-Жоу, Үрүмчүсүндө эки жыл кийим тиккен цех иштеттик. Анан намыстанып ушул акчаны Нарынга берсек болбойт беле деп көчүрүп келдик. Биздин депутат бололу же өзүбүздү пиар кылалы деген оюбуз жок. Кытайда иштетсек арзан дагы, анан көбүрөөк товар өндүрөбүз. Бирок каражаттын баары Кытайда калып жатпайбы. Биз тескерисинче Россияга товарды алып чыгып, бул жакка жумушчу орундарын түзүп, инвестиция тартып жатабыз.

Азыр жети айылда 50 жана бул жерде 50 адам иштеп жатат. Буюрса быйыл Нарын шаарында кийим тигүүнү үйрөнөм деген каалоочулардан 150дөн ашык аялды окутабыз. Ошонун ичинен тың, ишти жөндөп кете алгандарынан болжолдуу 100 кишини жумушка алабыз. Буга чейин 22 адам социалдык фондго патент төлөп келген. Мына жакында 14200 сом соцфондго төктүк. Эми бүт бардыгы патент төлөй баштайт. Мурда төлөтөлү десек көбү жумушту жөндөп кете албай, айлыкты жакшы чыгара албай жатышты. Азыр эң начар иштегени жумасына 1500 сом алат. Айына жалпы 7000-8000 шым тигип жатышат. Буюрса быйыл муну да көбөйтөбүз.

Биз Нарын эркин экономикалык аймагынын (СЭЗ) субьектисибиз. Бирок үч жылдан бери бир дагы жеңилдик болгон жок. Азыркы күнгө чейин жибинен баштап бүт материалдарды Бишкектен ташыйбыз. Буюрса үч жолу Жогорку Кеңештин депутаттарынын кароосунан өтүп, президент Алмазбек Атамбаев Нарын СЭЗи боюнча мыйзамга кол койду. Ал ишке ашып калса, товарды жеңилдик жолу менен Кытайдан алып келүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Учурда ишканада кичи жана чоң эки цех иштеп жатат. Бычмачы, үтүкчү балдарды кошкондо жалпы 50 жумушчу жамаат бар. Ар бир бейшемби күнү айлык берилип, жума күнү эс алышат. Эмгек күн дайыма ишемби күндөн башталат. Себеби «Шалбар» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы жетекчиси Дүйшөнбек Таштанбеков намазга жыгылгандыктан жалпы эмгек жамааты менен сүйлөшүп, эмгек күнүн ушундай кылып бекитип алышкан. --Мен бул жерде көп деле болбойм. Көбүнчө Россияда болуп, ошол жактарда жумуштарды жүргүзөм. Бул жердеги ишти уулум Рысбек жетектеп, болгон милдетти ошол аткарып жатат-дейт ал.

Администратор Рысбек мырзанын айтымында айлык иштин ыргагына, жумуштун көлөмүн арттырып, сапаттуу бүткөргөнүнө жараша болот. Жумушчулардын айрымдары ишкана ачылгандан бери иштеп, тажрыйба топтоп калгандар алды 22 миң сомго чейин айлык алышса, кээ бир жаңы келип үйрөнгөндөр болгону айына 5500-6000 сом айлык чыгарып жатышыптыр. Жумушчулардын бири Айтмусаева Зуура: --Үч жылдан бери иштеп келе жатам. Жаңы башталганда үйрөнчүк болуп жумасына 500 сом эле чыгарчумун. Азыр жок дегенде эле күнүнө 100-150 шым тигип, жумасына беш миң сомдон кем эмес акча алам-дейт. Ошондой эле ишканада пенсияга чыгып алып иштеп жатышкан жогорку билимдүү айымдар дагы бар. Алардын бир Надырбекова Нурила --Негизги кесибим бухгалтер. Банкта, социалдык тармактарда иштедик. Ортодо жумушубуз жоюлуп кетти. Пенсияга чыккан соң бош отурганча иштейли деп аракет кылып жатабыз. Тамагыбызды кезектешип алып келип, ушул жерден ичебиз-десе, ал эми Турдумамбетова Анаркүл:-- Буга чейин мамлекеттик кызматта иштеп келгем. Пенсияга чыккандан кийин кесип алмаштырайын деп ушул тармакка келип калдым. Эң башкысы бизде иреттүүлүк, тартиптүүлүк бар. Айлыкты убагында берет-деди. Ошондой эле Арстанбек кызы Светлана, Өмүралиева Нуркыз дагы билимдери жогорку болгону менен өз адистиги боюнча жумуштун жоктугунан бул жерде иштешүүдө.

Андан сырткары айылдардан дагы ишкананын бөлүмү болуп иштеп жатышкан чакан цехтер бар. Нарын районунун Ак-Кыя айылынын тургуну Сонунбаева Нургүл:--Эки адам келип окуп, чакан цехти ушул «Шалбардын» жетекчилигинин жардамы менен ачып алганбыз. Бир жылга чукулдап калды. Жумасына канча шым тиксек, ошону алып келип өткөрүп, ошого жараша тыйыныбызды алабыз. Айлык жумасына 4000 сомго чейин барат. Дагы кеңейтели деген оюбуз бар. Азырынча кийим тигүүчү машиналарды алып келип дайындап койдук-деген оюн айтты.

Ишканада негизги жүктү тарта тургандар технологдор менен бычмачылар. Башкы администратор Рысбек мырзага жардамчы болуп Жетигенов Бекбо, Абдрахманов Саламат деген балдар технолог болуп иштешет. Алар шымдардын кемтиги жок сапаттуу тигилгенин көзөмөлгө алып турушарын айтышты. Ал эми бычмачы Дүйшөнбек уулу Бектемир: --Ат-Башы районунун Казыбек айылынан болом. Буга чейинки иштегендерден үйрөнүп калып, бир жылдан бери иштеп жатам. Бир бычылганда 300 шым бир бычылат. Шым башына акча эсептелип, жумасына 6000-7000 сом чыгат-дейт.

Жумушчуларга шарт түзүп берүү үчүн Дүйшөнбек мырза азыркы имаратты арендага алгандан бери оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, былтыр үстүн чатырчалатканын, быйыл сыртын пенапластик менен каптап жылуулай турганын айтты. --Алдыдагы максат ушул имараттын артындагы эки имаратты ремонттоп, кийим тигүүчү цехтерге айландырып, бул имаратты ишканада иштеген аялдардын балдары үчүн бала бакча ачабыз деп аракет кылып жатабыз. Эсептеп көргөнбүз. Арт жактагы имараттарга эки миңден төрт миң аял иштесе батат. Акырындап пландарды ишке ашырып, келечекте 4000-5000 адамга жумуш беребиз деген ой бар. Союз убагында дин болбогону менен элде ыйман бар болчу. Азыр динге болгон эркиндик бар. Тескерисинче ыйман жок. Эң башкысы эл бизди түшүнүп колдосо эле бардык ишти өзүбүз жолго коёбуз-деди Д. Таштанбеков.

Жыйынтыктап айтканда мындай ишканалар Нарын облусунда көбүрөөк ачылса, көптөгөн жумушчу орундар түзүлүү менен бирге жергиликтүү бюджетке көбүрөөк каражат түшүп, дотоцияга отуруу көлөмү да азаят эле. Ошого жараша жергиликтүү бийлик, жашоочулардан дагы колдоолор керек. Ал эми жеке ишкер элдин талабындай мыйзам чегинде иш жүргүзсө, калкка да, өзүнө да пайдасы тиет деген ойдобуз.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...