Акыркы макалалар

Футзал боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан Иорданияны жеңди

Футзал боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан Иорданияны жеңди

Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында Иорданияны 3:1 эсебинде утуп алды.

Аталган мелдеш 1-февралда башталып, 11-февралга чейин уланат. Чучукулактын жыйынтыгында Кыргызстандын комнадасы Ливан, Иордания жана Таиланддын курамалары менен бирге "D" тайпасына түшкөн.

Биринчи тайм 2:0 эсебинде кыргызстандыктардын пайдасына аяктады. Экинчи таймда иорданиялыктар бир гол киргизип, эсепти теңөөгө аракет кылышты. Бирок оюн аяктап калганда кыргызстандык оюнчулар дагы бир гол киргизип, 3:1 эсебинде жеңишти камсыздашты.

Кыргызстандын курама командасы буга чейин ливандыктар менен беттешип, оюн 2:2 эсебинде аяктаган. Иорданиялыктарды уткандан кийин Кыргызстандын курама командасында 4 упай бар. КР оюнчулары азырынча тайпада алдыга чыкты. Таиланддын курамасы үч упайга ээ. Бирок алар Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө ливандыктар менен ойнойт.

Ал эми Ливандын командасы бир упай топтосо, иорданиялыктар эсеп ача элек.

Бүгүн, 4-февралда дагы бир спортчу Кыргызстандын желегин желбиретти. Мушкер Валентина Шевченко бразилиялык Присцила Кечоейра менен беттешип, аны муунтуу ыкмасы менен экинчи раундда жеңип алды.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...