Акыркы макалалар

Мурзапар ҮСӨН: «Жыйырма биринчи кылымдын кишилери фанаттардын курмандыгына айландык»

Мурзапар ҮСӨН: «Жыйырма биринчи кылымдын кишилери фанаттардын курмандыгына айландык»

Бүбү-бакшылардын тилине кирип, Бишкек шаарындагы республикалык тарых музейинде абдан баалуу экспонат сыңары сакталып турган мумия аялдын (катырылган сөөктүн) тээ Баткен районундагы Кара-Булак көрүстөнүнө алып барып көмүштү. Бирок, жергиликтүү тургун жана жазуучу Мурзапар ҮСӨН бейитке жашырылган дене эркектики экендигин ачыктап олтурат.

— Мурзапар аба, жаныңыз мынчалык эмнеге кашайды, ыя?

— Мындан 3000 жыл мурунку сөөктү бакыйган аткаминерлерибиз каяктагы бүбү-бакшылардын тилине кирип Маржанбүбү деп аташып, аны атайын Бишкектен ташып келишип, алыскы Баткен районундагы Кара-Булак көрүстөнүнө коюп жатышпайбы. А чындыгында, маркумдун сөөгүнө жакшылып үңүлсөңүздөр, кыздыкы делген сөөк эркектики экендиги бет түзүлүшүнөн, мурдунун бүркүт тумшук экендигинен эле даана билинип турбайбы. Эс-акылы жайында адам мумия сөөк аялдыкы дегенге, албетте, таптакыр кошулбайт!

— Эмне үчүн?

— Баткен районундагы «Кара-Булак» көрүстөнү, башкача айтканда, «Мыктын гөрү» 1954-жылы ленинграддык археолог-тарыхчы Юрий Баруздин тарабынан ачылган. Агездеги археологиялык казуулар 1958-жылга дейре уланган. Дал ошол мезгилде мен айылда 5-класста окучумун. Майрам Жоош кызы деген эжекейибиз бизди ал жерге экскурсияга дагы алып барган. Ошондо Юрий аттуу археолог бизди сүрөткө тарткан. Анан ошол көрүстөндөн табылган мумия кыздын жыгач табытта жаткан турпатын ал мүрзөгө аркан менен түшүп барып көрсөткөнү эмдигиче көз алдымда турат.

Агезде табытта жаткан кыз баамымда биздин класташтарыбыз курактуу эле. Колунун, бутунун учу, кыйгач жаткырылган жүзү гана бизге даана көрүнгөн. Анан арыкчырай, өтө назик эле. А былтыр «Кара-Булак» көрүстөнүнө коюлган сөөк а кыздыкына дегеле окшобойт!

— Анда Баткендеги «Кара-Булак» көрүстөнүнө кимди коюшту деп ойлойсуз?

— Менимче, 1960-жылдары «Чүй боорунан мумияланган адамдын сөөгү табылды!» деп гезиттер байма-бай жазышкан. Демек, жанагыл мумия кыз башка бир музейге тапшырылган, же жең ичинен сатылып кеткен. А анын ордуна Чүйдөн табылган эркек кишинин сөөгүн Бишкек шаарындагы мамлекеттик тарых музейине жайгаштырып ташташкан.

Албетте, мумия кыздын (катырылган секелектин) өтө назик, анан илбериңки сөөгү дагыле кайсыдыр бир музейде жатат. Буга мен азыр деле бөркүмдөй ишенем! Биргезде көрүнүктүү археолог жана тарыхчы Сергей Баруздин дагы ушундай мумияланган эки кыздын сөөгү Ош жана Ленинград шаарларындагы музейлерге тапшырылгандыгын айткан жайы бар. Тилекке каршы, ал экөөнүн тең бүгүнкү тагдыры бизге эч белгисиз.

— Мурзапар аба, анда жыйырма биринчи кылымда кашайып пейилибиз бузулуп, бизден ыйман качтыбы?

— Жашырып не. Жыйырма биринчи кылымдын кишилери жалаң фанаттардын курмандыгына айландык. Анткени, диний жактан туташ сабатсызбыз. Ошондуктан, ушул тапта бүбү-бакшыларга жана сопуларга күнүбүз түшүп олтурат.

Маселен, Ала-Букада башка динге өткөн аялдын сөөгүн мусулмандар мүрзөсүнөн казып, ар жакка сүйрөп, маркумду ыраса кордошподубу. А мамлекеттик музейде катылган мумия кызды деле сөзсүз түрдө Бишкектен Баткенге сүйрөп барбай, Чүй бооруна деле көөмп ташташса болбойт беле?

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Түп нускага шилтеме : aimak.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...