Акыркы макалалар

Бишкек ЖЭБди кайра Андрей Воропаев башкара турган болду

Бишкек ЖЭБди кайра Андрей Воропаев башкара турган болду

Андрей Воропаев кайрадан Бишкек жылуулук электр борборун башкара турган болду. Мындай чечимди “Электр станциялары” ААКнын башкы дирекциясы кабыл алды.

ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу 2-февраль күнү кызматтан бошотулган. Мындай чечим премьер-министр Сапар Исаковдун тапшырмасы менен чыгарылган.

30-январда өкмөт башчысы жылуулук борбордо катталган авариядан улам “Энергохолдинг” ишканасына “Электр станциялары” ААКынын директорунун орун басары Бердибек Боркоевди жана Бишкек жылуулук электр борборунун директору Нурлан Өмүркул уулун кызматтан алуу маселесин карооду тапшырган болчу.

Кошумчалай кетсек, Андрей Воропаев 2013-жылдын 3-апрелинен баштап өткөн жылдын 18-январына чейин ЖЭБдин директору болуп турган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...