Акыркы макалалар

Өзбекстан газ өнөр жайынын кубатын күчөтүүдө

Өзбекстан газ өнөр жайынын кубатын күчөтүүдө

Өзбекстан 2013-жылга карата газ кендерин иштетип баштаганы жатат

Ташкент, Өзбекстан. Өзбекстандын мамлекеттик «Өзбекмунайгаз» холдинг компаниясы Түркмөнстандын чегарасындагы газоконденсаттуу кендерин 2013-жылдын биринчи кварталында иштетип баштоону пландап жатат.

Бул тууралуу «Trend» Азербайжан маалымат агенттиги өкмөттүк булакка шилтеме кылып маалымдады. Булактын берген маалыматына таянсак, долбоордун техникалык-экономикалык негиздери аяктаган, анын болжолдуу баасы 320 миллион долларга бааланууда.

«Өзбекмунайгаз» компаниясынын эсебинен каржылана турган долбоордун алкагында жети долбоор, анын ичинде 1990-жылдардын башында ачылган, бирок азыркы учурга чейин иштетиле элек ири газоконденсаттуу «Самантепа», «Гирсан» менен «Тайляк» кендерин иштеттүү ыргагы тездетилмекчи. Бирок бул кендердин корлору ачыла элек болчу.

Долбоордун ичинде жаңы технологияларды колдонуу менен скважиналарды бургулоо, ошондой эле жолдогу инфраструктуранын курулушу кирет. Кендерди иштетүү 2017-жылга карай жыл сайын 3,5 миллиард долларга чейинки баада газ казып алууга мүмкүндүк түзөт. 2012-жылдын аягында Өзбекстандын өкмөтү долбоордун техникалык-экономикалык негиздерин карап жана бекитет, ал эми зарыл болгон материлдарды жана жабдууларды сатып алуу боюнча тендер 2013-жылдын башында жарыяланат деп күтүлүп жатат.

«Өзбекмунайгаз» компаниясынын үлүшүнө өлкөнүн көмүр суутек кендеринин 90%дан ашыгыраагы туура келет. Ошондой эле аталган компания Өзбекстандын мунай газ тармагындагы монополист оператор болуп эсептелет.

«Bernama», 1-ноябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : inozpress.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...