Акыркы макалалар

Улуттук энергетика холдингинин башчысы 1 млрд $ насыя жана грант эмнеге жумшалганын айтып берди

Улуттук энергетика холдингинин башчысы 1 млрд $ насыя жана грант эмнеге жумшалганын айтып берди

Улуттук энергетика холдингинин башчысы Айбек Калиев энергетика тармагына насыя жана грант түрүндө бөлүнгөн акчалар эмнеге жумшалганын айтып берди.

Жогорку Кеңештин Бишкек ЖЭБдеги авария талкууланган жыйынынын жүрүшүндө акыркы 5-6 жылда 1 млрд доллар алынганы айтылды.

“Алардын ичинен 208 млн доллар Датка-Кеминге, 386 млн доллар – Бишкек ЖЭБдин реконструкциясына жумшалган. Дагы 450 млн доллар Токтогул ГЭСине керектелүүдө. Ушу кезде эки трансформатор жана эки кабелдик линия алмаштырылды. Камбарата ГЭСинде экинчи агрегат ишке берилди, Ат-Башы ГЭСи толук кайра курулду. Ошондой эле бөлүштүрүү компаниялары жана Бишкек жылуулук тармагы үчүн каражаттар каралган”, - деп кошумчалады ал.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...