Акыркы макалалар

Бишкек ЖЭБинин техникалык негиздемесин Кытайлык компания жасаган

Бишкек ЖЭБинин техникалык негиздемесин Кытайлык компания жасаган

Бишкек шаарындагы жылуулук борборундагы акыркы кырдаал, анда авария болуусуна көмөк болгон жагдайлар тууралуу «Марал» радиосунун «Айлампа» программасына энергетик Мырзатай Султаналиев маек курду.

Марал: Бишкек жылуулук борборундагы авария эмнеден улам пайда болду? Күндүн суук болгондугунан ушундай кырдаал жаралдыбы же дагы башка жагдайлар барбы?

Мырзатай Султаналиев: Чынын айтканда, бардык нерселер таасир этти. Биринчиден, күндүн суугу, экинчиден ТЭЦте иштеп жаткан техникалык кызматкерлердин катачылыгы да себеп болду. Эгер абанын температурасы -23 градус суук эмес, -30 градус суук болсо анда таптакыр эле тоңуп отурмак экенбиз да.

Марал: Кытайлык компания Бишкек жылуулук борборун модернизациядан өткөрөөрдө кайсы жерде эмне иш жасалышы керек деген негиздемени өздөрү иштеп чыгышы керек беле же биздин адистердин сунуштамасы менен гана иш алып барышканы туурабы?

Мырзатай Султаналиев: Чоң жумуш жасалганда эң биринчи техникалык тапшырма берилиши керек. Андан кийин техникалык тапшырманын негизинде алдын ала негиздеме иштелип чыгат. Негиздемеден соң долбоор түзүлүп, долбоордун негизинде ишке киришүү керек эле. Азыркы учурда айтылып жаткан кемчиликтер боюнча даярдык алдын ала көрүлүшү шарт.

Бишкек жылуулук борбору боюнча алдын ала экономикалык-техникалык негиздемени Кытайлык TBEA компаниясы өзү жасаган. Ага биздикилер макул болушкан, бирок долбоору жок эле курулушту жасап коюшкан. Бул эң чоң кемчилик болуп калды.

Марал: Башкача айтканда, жылуулук борбордун кайсы жерине жаңылоо абдан зарыл талап кылынганы кыргызстандык адистерге белгилүү беле?

Мырзатай Султаналиев: Анык белгилүү болчу. Техникалык тапшырмасын түзүп жатканда борбордун ичиндеги жабдыктардын эмнесин жаңылаш керектигин белгилеш керек эле. Башкача айтканда, үстүндөгү пальтосун жаңылап, шапкеси менен бут кийимин жаңылабай калгандай болуп калды. Көп мүчүлүштүктөр ошондон кетип жатат.

Марал: Бишкек жылуулук борборун модернизациядан өткөрүүгө 386 млн АКШ долларын жумшабай, ал акчага өзүнчө жылуулук борборун курса болот беле? Бул канчалык реалдуу болмок?

Мырзатай Султаналиев: Эгерде ушул суммага өзүнчө жылуулук борбор курса каражат жетет болчу. Анын үстүнө 60-70 жыл мурун курулган Бишкек жылуулук борбору бир тараптуу болуп жатат, дегеним чыгыш тарапта жайгашып, калаанын батыш тарабына жылуулук жетпей калып жатат. Ошондуктан Кытайдын модернизация үчүн бөлгөн 386 млн доллар каражатына экинчи ТЭЦти курууга мүмкүнчүлүк жетмек. Ошентсе да жылуулук борборун оңдоодон өткөрдү, бирок андагы азыркы учурда курулган блоктор эски блоктордон же башка жабдыктардан көз каранды эмес болгондо жакшы болмок.

Марал: Сиз айтып жаткандай 400 млнго жакын каражат жаңы ТЭЦ курууга жетсе, анда модернизацияга бул каражаттын жетпей калгандыгы карама-каршы келип жатпайбы?

Мырзатай Султаналиев: Ооба, бул каражат жетиш керек болчу. Ошол ТЭЦтин эле ичинде өзүнчө жылуулук борборун куруш керек эле. Бирок биз жаңылабай эле орто жагын жасап, этеги менен башын жасабай койдук. Модернизация ишин толук кандуу ишке ашыруу керек эле.

Дагы бир белгилеп кете турчу жагдай, мурдагы турган жылуулук берүүчү агрегаттарды, турбинаны алып таштоонун кереги жок болчу. Азыр эски агрегаттар иштебей калды деген кептерге мен ишенбейм. Себеби Орусияда деле мындай жабдыктар 70 жылдап иштеп жатат, болгону кароо болушу зарыл.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...