Акыркы макалалар

Сапар Исаков Бишкекке жылуулук бүгүн кечке чейин берилерин билдирди

Сапар Исаков Бишкекке жылуулук бүгүн кечке чейин берилерин билдирди

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн Бишкекте өткөн "Ачык өкмөт" программасы боюнча жыйында кечке жуук баш калаадагы бардык үйлөрдө жылуулуктун температурасы жогорулай турганын билдирген.

Бул кабарды Исаковдун маалымат катчысы Урмат Кабылова "Азаттык" радиосуна ырастады:

- Бүгүн саат 4тө температура жогорулайт деп күтүп жатабыз. Бирок бул туура саат 4тө үйлөр жылып калат дегенди билдирбейт. Премьер "жылуулук болот деп так айта албайбыз, бирок акырындык менен температураны көтөрүп атабыз" деп айтты. Андыктан бүгүн кечинде жылуулук жакшырып калышы керек.

29-январда премьер-министр Бишкек Жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча шаар тургундарына кайрылып, кечирим сураган. Бүгүнкү абалга жол бергендер аныкталып, күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланарын билдирген. Өкмөт бул тармакка катуу көңүл бурарын, реформалоо үчүн бардык аракеттер жумшаларын кошумчалаган.

26-январдын кечинде Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болгон. Ошондон бери баш калаанын айрым райондоруна жылуулук тиешелүү деңгээлде бериле элек. Батирлер, социалдык объектилер муздак болгондуктан шаардыктар электр жылыткычтарын колдонууга мажбур болууда. "Түндүк электр" ишканасы буга чейин күч келгендиктен, электр жарыгы да үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдаган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...