Акыркы макалалар

Бишкекте коомдук унаанын иши жөнгө салынууда

Бишкекте коомдук унаанын иши жөнгө салынууда

Ыкчам маалыматка ылайык, Бишкекте коомдук унаанын ишин жөнгө салууга мүмкүн болду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

29-январь саат 9:00гө карата каттамга 93 троллейбус (89%) 1700 кичи автобус (89%) жана 53 автобус (42%) чыккан.

Суук аба ырайына байланыштуу коомдук унаанын иши калаада түнкү саат 23:00гө чейин болот.

Урматтуу калаа тургундары! Коомдук унаага байланышкан маселе боюнча төмөнкү телефонорго WhatsApp тиркемеси аркылуу кайрылууга болот:

- 0555 93-31-91 – Бишкек троллейбус башкармалыгы;

- 0704 30-56-56 – “Бишкек жүргүнчүлүк автоунаа ишканасы” МИ;

- 0703 77-78-89 – Шаар унаа башкармалыгы.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...