Акыркы макалалар

ЖЭБдеги техникалык кырсыктын кесепети жоюла элек

ЖЭБдеги техникалык кырсыктын кесепети жоюла элек

Энергохолдинг мамлекеттик ишканасынын жана Бишкек Жылуулук электр борборунун жетекчилери бүгүн түштөн кийин маалымат жыйынын куруп, кырдаал боюнча кенен маалымат беришерин айтышты.

Бүгүн, 29-январда Бишкек Жылуулук электр борборунун адистеринин №24 от казанды иштетүү учурунда түтүктөн жарака кетти.

"Улуттук энергохолдинг" ишканасынын өкүлү Аман Калыбековдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, буга чейин чыккан "Бишкек жылуулук электр борборунда дагы бир түтүк жарылды" деген маалымат туура эмес.

Анын айтымында, түтүк жарылган эмес, №24 кошумча агрегатты ишке киргизүүдө түтүктө жарака кетип, иштен чыккан. Адистер аны дароо эле оңдогон. Азыр жылуулукту калыбына келтириш үчүн дагы бир от казанды иштетүү аракети көрүлүүдө:

- Ар бир түтүктө индикаторлор турат. Иштен чыкканы эски жабдыктагы түтүк болчу. Суукка байланыштуу иштебей калган. Температураны көтөрүш үчүн от казанды даярдап атабыз. Азыр ЖЭБден чыккан температура 50-60 градус болуп атат. Даярдалып жаткан от казан кошулса, температура көтөрүлөт.

Аман Калыбеков жылуулук колдонуучуларды батареялардан сууну агызбай турууга чакырды:

- Жел туруп калса, түтүктөр жарылат. Температура акырындык менен жогорулатылып жатат. Эгер дароо көтөрүп жиберсек, түтүктөр көтөрө албай калат. Мындан тышкары, системанын баары муздап калганына байланыштуу жылуулукту калыбына келтирүүгө убакыт керек.

26-январда ЖЭБдин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүдө колдонулган айрым жабдуулары убактылуу иштен чыкканына байланыштуу Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) электр кубаттуулугу 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартылган. Мындан улам үйлөрдү жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 52 градуска төмөндөгөн.

Өкмөт техникалык авария 28-январга караган түнү оңдолду деген маалымат таратып, жылуулук берүүнүн кубаттуулугу акырындап көбөйтүлүп жатканын кошумчалаган. Бирок техникалык кырсыктын кесепети толук жоюла электиги маалым болууда.​

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-январда премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалды талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, Исаков ЖЭБдин ишин калыбына келтирүү аракеттери тууралуу айтып берди.

Жээнбеков премьердин жылуулуктун үзгүлтүккө учурашынын себептерин кылдат иликтөө боюнча чечимин кубаттап, андан тиешелүү жыйынтык чыгаруу жана күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартуу зарылдыгын белгиледи.

- Мындай көрүнүшкө жол бербөө үчүн стратегиялык объектидеги чукул кырдаалдын чоо-жайы дыкат талданышы керек. ЖЭБдеги абалды окуя болгондон бери көзөмөлдөп турам. Жакынкы убакытта шаардыктарга жылуулук толук көлөмдө берилиши шарт, - деген президент энергетика тармагындагы маселелерди комплекстүү чечүү керектигине токтолду.

Ал арада Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги Жылуулук электр борборун контртеррористтик иш-чаралардын алкагында текшерип жатат. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди:

- Бишкек жылуулук борборунда авария болду деген маалымат чыкканда эле УКМК тарабынан текшерүү иштери башталган. Учурда ал текшерүү уланып жатат. Жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 26-29-январда Бишкекте абанын температурасы күндүз -17, түнкүсүн - 25 градуска чейин төмөндөй турганын маалымдаган. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн - 30, Суусамырда -40 градус болорун эскерткен. Мындай аба ырайы 29-январга чейин сакталары айтылган.

Үшүгөн Бишкек

29-январда эртең мененки саат сегиздеги маалымат боюнча Бишкек шаарында 93 троллейбус, 1700дөй кичиавтобус жүргүнчүлөрдү ташый баштады. Бул борбор калаадагы жалпы транспорттун 89 пайызын түзөт. Ал эми автобустардын жарымы гана ишке чыкты. Бишкек мэриясы учурда 53 автобус жүргүнчүлөрдү ташып жатканын, бул жалпы автобустардын 42 пайызын гана түзөрүн маалымдады. Шаардык бийлик коомдук транспорт кечки саат 11ге чейин үзгүлтүксүз иштей турганын билдирүүдө.

Акыркы эки күндөн бери аба ырайынын кескин сууганына байланыштуу жолго чыккан коомдук транспорттордун күйүүчү майы тоӊуп, каттамдын аягына чейин жетпей бузулуп калган учурлары кездешүүдө. Эртең менен от албай, каттамга чыкпай калган коомдук транспорттун да саны кескин кыскаргандыктан, мэрия шаардыктарды зарылчылык болбосо көчөгө чыкпоого үндөгөн.

Бишкек шаарында ызгаардуу суукта муктаж адамдарга чай, ысык тамак берип, жылуу жайга жайгаштыруу боюнча пункттар жана көчмө чатырлар иштеп жатат.

Ал эми Бишкек шаардык Тез жардам станциясынын башкы дарыгеринин орун басары Болот Абдылдаев кечээ түнү тоңуп каза тапкан эки селсаяктын сөөгү Чыңгыз Айтматов жана Насирдин Исанов көчөлөрүндө табылганын кабарлады. Тез жардам кызматы үй-жайсыз дагы 12 адамга ыкчам жардам көрсөтүп, аларды атайын жылынуучу жайларга жеткирген. Абдылдаев учурда станциядагы 11 машина жетишсиз болуп, автоунаалардын көпчүлүгү суукта от албай жатканын кошумчалады.

Катуу суукка байланыштуу Бишкектеги бала бакчалар убактылуу жабылган. Бишкек шаардык билим берүү департаментинин чечимине ылайык, мамлекеттик бала бакчалар 29-30-январь күндөрү иштебейт. Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги "аба ырайы кескин суук болот" деген эскертүүлөргө байланыштуу Кыргызстандагы бардык мектептерде окуу 26-январдан 30-январга чейин убактылуу токтотулганын билдирген.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...