Акыркы макалалар

Македонскийдин аскерлери грек жаңгагы деп атаган кыргыз жаңгагы

Македонскийдин аскерлери грек жаңгагы деп атаган кыргыз жаңгагы

Кыргызстандан кат: «О, жаңгак жарыктык!»

Арстанбаптын жаңгак токойлору Александр Македонскийдин убагынан бери эле белгилүү болгон.

Унаа көп жүрбөгөн чаң баскан жолдор менен силкилдеп кетип бара жатып мен Откирбектин эски советтик «джипине» канча жыл болгонуна кызыктым. Мен анын датасын сурап жатам. 1941-жылкы экен. Биз дүйнөдөгү эң ири жапайы жаңгак токою болгон Арстанбап аркылуу кетип бараттык жана мен Откирбектин үй-бүлөлүк участогунан түшүм жыйнашууну пландап баратам. Ал сабактарын таштады, бирок биз анын жаңгак терип жүргөн мугалимдеринин биринин жанын өттүк.

Бардык жерге лагерлер жайгашкан жана жаңгактарды үй-бүлөсү менен терип жүрүшөт. Биз кокойгон бир таяк сайылган жерге жеттик, бирок бир аздан соң ага пластик жабуу жана одеяло жаап, заматта чатыр жасай койдук. Сыртта биздин мискейге ылайыкталган меш жана нан бышыруучу очок бар. Мунун баары уйлар кирип кетпесин деп тосмого алыныптыр.

Жаңгак дарактары абдан айырмаланат. Бийик өскөн дарактар менен кошо жаңы олтургузулган көчөттөрү дагы бар экен. Бирок мага абдан жаккан карт жаңгак дарактары дагы бар. Арасында жоон-жолпусу, дөмпөйүп чыкканы, бири-бири менен чырмалып өскөнү жана уюк каптагандары бар; булардын баары жомоктогудай болуп көздөрүн ачып жиберип же артыңыздан бутактары менен кармап калчудай болгон Нарни же болбосо Орто жердин бактарын эске салат. Мен дарактардын баары түндөсү чатырдан чыккан кезде кандай көрүнөт болду экен деп кызыктым.

Биздин коңшулардын шабырттата жаңгак бутактарын күбүп жатканы жана оттоп жүргөн уйлар менен жылкылардын добуштары угулуп турганы эле болбосо, айлана бейпилдиктин кучагына батып тынч. Ар бир жаңгак күбүгөн сайын шагырап түшүп, 10 жаштагы секелектин башына тийген жаңгактан ойдолоп калганы күлкү келтирди. Откирбек кыйналбастан эле 30 метрден жогору бийик дарактарга эч бир аркандын жардамы жок чыгып баратканын жүрөгүм түшүп карап турам. Үч жыл мурда анын агасы дарактан кулап, бутун сындырып алыптыр. Мен үстүмдөн дабырап түшкөн жаңгактардан башымды калкалайм, анан заматтын ортосунда бир капты толтуруп салам, жаңгактардын көбүнүн кабыгы дагы эле ажырай элек экен.

Биз каптарды лагерге ташып барабыз жана жаңгактын кабыгын аарчыйбыз. Колдорум бир аздан соң жапжашыл массадан булганып чыкты. Канчалык иштегениңе жараша адегенде менин колдорум күрөң, андан соң капкара болуп калды. Александр Македонскийдин армиясы Арстанбапка келип, жарадар болгон аскерлер дарыланып, эт менен экзотикалык жаңгактады жеп ырахат алышкан экен. Алар артка кайтканда аталган жаңгактарды кошо ала кетип, Европага грек жаңгагы деген ат менен жайылтышыптыр.

Откирбек токойдо дагы эки аптадай калат, ал эми анын агасы жардамдашуу үчүн келет. Бирок мен жумушка кайтып барышым керек жана жыгач-таш жүктөлгөн, биз биякка келгенден дагы эски унаанын айдоочусуна ала кетиңиз деп суранууга тийишмин. Откирбек мага белек катары бир кап жаңгак берет, ошондуктан мен Александрдын аскерлериндей болуп жүк менен кайтып кеткени калдым.

Крис Александр

«Guardian», 30-октябрь, 2012-жыл

Которгон – «InoZpress.kg»

Түп нускага шилтеме : inozpress.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...