Акыркы макалалар

Өкмөт шаар тургундары үчүн жылынуу пунктарын ачты

Өкмөт шаар тургундары үчүн жылынуу пунктарын ачты

Борбор калаанын жашоочуларына жылынуу пункттары уюштурулду. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Анда тургундарга ысык тамак уюштурулган. Учурда шаардын төрт районуна 30 чатыр, 30 меш, 20 генератор жана 300 жууркан жеткирилди.

Кошумчалай кетсек, өкмөт башчы Сапар Исаков 27-январда шашылыш түрдө ЖЭБге барган жана түзүлгөн кырдаал менен жеринен таанышкан. Анда жылытуу пункттар жана ысык тамак уюштуруп, муктаждарга жууркан таратуу тапшырмасын берген.

Дареги:

Свердлов району:

— «Ардагер» геронтология борбору Куренкеев көчөсү 89 а (Фирсов көчөсү менен кесилишет)

— №23 мектеп Жибек-Жолукөчөсү 287 (Чыгыш автобекети)

— Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын окуу борбору Великолуская көчөсү 29 а

Ленин району:

— №95 орто мектеп Жал кичи району 29

Биринчи май району:

-Баялинов көчөсү 124

— Балтагулов көчөсү 1

Буга чейин, Бишкек жылуулук берүү борбору толук калыбына келтирилгени кабарланган. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Гүлнур Төралиева социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазып чыкты. Андагы маалыматта бир сутка аралыгында борбор калаадагы турак-үйлөргө жылуулук толук жеткириле турганы кабарланган.

Эске салсак, жума күнү саат 18.00дө Бишкек ЖЭБи чыңалууну эски агрегаттардын кубаттуулугуна колдоо көрсөтүп туруучу жабдуунун убактылуу иштен чыгып калганына байланыштуу 340 МВттан 154 МВтка төмөндөткөн.

Буга байланыштуу жүгүртүүдөгү суунун температурасы +84 градустан +62ге чейин түшүрүлгөн. Эске салсак, өкмөт башчы кырсыкка себептүүлөр жоопкерчиликке тартылат деген.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...