Акыркы макалалар

«Ишенимди ишим менен актом милдет"

«Ишенимди ишим менен актом милдет"

16-январда С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жамаатынын жыйынында окуу жайдын жаңы ректору тааныштырылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Ж.Сатыбалдиевдин 2014-жылдын 11-январындагы №6 буйругу менен НМУнун ректорлугуна окуу жайды түптөгөн окумуштуулардын бири, экономика илимдеринин доктору, Дамира Кемеловна Өмүралиева дайындалган.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ч.Абдыраимакунова, Билим берүү жана илим министрлигинин профессионалдык билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Жолдошев баштаган бир катар тиешелүү адамдар катышышты.

Министрликтин өкүлү А.Жолдошев катышуучуларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы Ж.Сатыбалдиевдин Д.Өмүралиеваны Нарын мамлекеттик университетине ректор кылып дайындоо боюнча 2014-жылдын 11-январындагы № 6 буйругу жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин 15-январдагы Кыргыз Өкмөтүнүн башчысынын буйругунун негизинде чыгарылган Д.Өмүралиеваны Нарын мамлекеттик университетине 5 жылдык мөөнөт менен ректор кылып дайындоо боюнча буйругу менен тааныштырды.

Жыйында сөз сүйлөгөн Ч.Абдыраимакунова жыл башы окуу жайда жакшы саамалык менен башталып жатканын, Нарын мамлекеттик университети облус үчүн чоң мааниге ээ экендигин, себеби, аталган окуу жайы жергебиздеги жалгыз жогорку окуу жайы болгондуктан учурда ректордун алдында чоң жүк- айрыкча билим сапатын жогорулатуу вазийпасы турганын белгилеп өттү. Мындан сырткары Ч.Абдыраимакунова Д.Өмүралиева жеке окутуучулук кызматты аркалабай, облустун турмушуна активдүү катышып, Нарын жергесинин социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өзүнүн жеке салымын кошуп, Нарын облусунун, Нарын районунун ар кыл жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн Комплекстүү программаларын иштеп чыгууга, ошондой эле, Нарын облусунда «Жаңы багыт» жаштар кооперативдеринин өнүктүрүү программасын, Кыргызстанда айылдык кеңеш берүү кызматтарынын өнүгүшүнүн концепциясын, Нарын облусунун 2013-2017-жылдардагы социалдык -экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиясы жана башка программаларды иштеп чыгууга түздөн-түз катышканын баса белгилеп, окуу жайдын жамаатына жаңы жылда ынтымак, биримдик, ийгилик каалады.

Өз кезегинде окуу жайга жаңы дайындалган ректор Д.Өмүралиева да сөз сүйлөп, ишеним көрсөткөн жамаатка ыраазылык билдирип, милдет жоопкерчилигине болгон күч аракетин жумшаарын билдирди.

Жыйында НМУнун жамаатынын атынан сөз сүйлөгөндөр жаңы жетекчини жаңыча иш алып барып, жаштарды жетекчи кызматтарга тартып, социалдык абалга көбүрөөк көңүл бөлүп, окутуучуларга, студенттерге шарттарды түзүүгө көңүл бөлүү зарылдыгын баса белгилешип, куттук сөздөрүн арнашты.

Назгүл НУРАЛИЕВА, НМУнун проректору:

-Акыркы күндөрү биздин окуу жайда көптөгөн жаңылануулар болду. Эң башкысы ректорду шайлоо таза, ачык-айкын мүнөздө өттү. Алдыга озуп чыккан үч кишинин ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Дамира Өмүралиеваны дайындап отурат. Окутуучулук жамаат ушул шайлоого кайдыгер карабай абдан катуу талап коюшуп, ар бири өз тандоосун берди. Ар бири окуу жайга таза, ак ниет кишини шайлап алсак деген ниетте абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылышты. Албетте жетекчинин алмашылышы менен окуу жайда жаңылануу болуш керек. Ким келбесе да биз үчүн окуу процессин алдыга тартып кеткени мааниге ээ. Жакшы жагына болуучу өзгөрүүлөргө биз каршы болбойбуз, ошондуктан ректордун ишине ак жол каалайт элем.

Сайрагүл ОТОРОВА, НМУнун окутуучусу, техника илимдеринин кандидаты:

--Шайлоо биздин илимий-окутуучулук курамдын деңгээлинде абдан таза, ачык-айкын өттү. Дамира Өмүралиева Нарын мамлекеттик университетин түптөгөн окутуучулардын бири, ошондуктан ал окуу жайдын өсүп-өнүгүшүнө кайдыгер мамиле жасабайт деп ишенем. Себеби, НМУнун Нарын региону үчүн мааниси зор, келечеги кең, окуу жайды өнүктүрүү жаштардын келечеги үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан биз жаңы ректордун ишине ийгилик гана каалайбыз, аны колдойбуз!

Дамира ӨМҮРАЛИЕВА, НМУнун ректору, экономика илимдеринин доктору:

-Университетте мен түзүлгөн күндөн тартып иштейм. Ректор болуп иш баштоодо мага бир чети жеңил, анткени кайсы жерде кандай көйгөй бар экенин жакшы билем. Бир чети оор, анткени кээ бир кадрларды алмаштырыш керек, айрымдарын кыскартыш зарыл болот. Дээрлик 20 жылдай чогуу иштеген жамаатымдын кээ бирлеринин ордулары кыскарып, жумушсуз калышы ыктымал. Бирок биз жакшы сөзүнө, жакшы көзүнө карабай, жалпы коллективдин кызыкчылыгы үчүн бир жакшы жаңыланууга, оптималдаштырган түзүлүштөрдү өзгөрткөнгө барышыбыз зарыл. Айтылган сунуш-пикирлерди эске алышыбыз абзел. Бул - мезгил талабы, бул - элдин талабы.

Справка: Дамира Кемеловна Өмүралиева 1966-жылы Ак-Талаа районунун Коңорчок айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.

1983-жылы Нарын районундагы Учкун орто мектебин бүтүрүп, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун экономика факультетине өтүп, аны артыкчылык диплому менен аяктап, институттун окумуштуулар кеңешинин жолдомосу менен Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын экономика институтуна аспирантурага өткөн.

Эмгек жолун Д.К.Өмүралиева 1991-жылы дал ушул институтта кенже илимий кызматкер катары баштаган. Ошол эле жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү аяктап, 25 жашында экономика илимдеринин кандидаты деген илимий даражага жетише алган...

1996-жылы Нарын мамлекеттик университети ачылганда Д.К.Өмүралиева биринчилерден болуп окутуучулук кызматка кабыл алынып, гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысына дайындалган. Ошол күндөн тартып НМУда эмгектенип келет. Д.К.Өмүралиева кайсы кызматты аркалабасын дайым өзүн жоопкерчиликтүү, билгич, кесипкөй жана адилет, эл менен иштей билген жетекчи катары көрсөтө алган. Өзүнүн үзүрлүү эмгеги үчүн «Билим берүүнүн отличниги», «КР финансы кызматынын отличниги» наамдарына, бир катар сыйлыктарга татыктуу болгон. Учурда 10 изилдөөчүнүн кандидаттык диссертациясынын илимий жетекчиси жана 50дөн ашуун илимий эмгектин автору.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...