Акыркы макалалар

Электрондук капчыктагы акчаны уюлдук операторлор коргой алабы?

Электрондук капчыктагы акчаны уюлдук операторлор коргой алабы?

«Байланыш операторлор ассоциация» улуттук банктын накталай эмес уюлдук төлөмдүн чектөөлөрүнө каршы. Ал эми башкы банк мындай демилге ар бир жарандын эле коопсуздугу үчүн каралып жатканын айтууда.

Кыргызстандагы ар бир уюлдук оператордун электрондук капчыктары пайда болду. Ал сиз колдонуп жүргөн «Мегапай» , «О деньги» же «Баланс». Мында каражат баланс түрүндө телефон номуруна келип түшөт жана коммуналдык кызматтарга же башка эсептерге смартфон аркылуу которулат. Эми бул кызматтарга чектөө киргизүү каралып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандагы «Байланыш операторлор ассоциациясы» айтып чыкты. Ассоциациянын аткаруучу директору Айбек Күренкеев негизги маселе эсептердеги каражаттарды сактоо суммасына белгилүү бир чектөөнүн киргизилгенинде турганын атады.

-Бул жобону киргизүү аракети бүгүн гана көтөрүлгөн жок. Былтыр да ушундай аракеттер болгон. 2017-жылы 1-августта электрондук акчалар жөнүндө мыйзамга толуктоолорду киргизүү долбоору коомдук угууга коюлган. Бирок коомчулуктун жана ишкер чөйрөнүн катуу реакциясынан улам бул долбоор токтотулуп, долбоорду тереңдеп иштеп чыгууу жана конструктивдүү чечим чыгаруу үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Мындан биз оң жоопту күтүп жатканбыз. Бирок дагы деле өзгөрүү жок. Дүйнө санариптешип жатса, бизде чектөө сакталып турат.

Улуттук банк бул аракетти электрондук уюлдук капчыктарга карата чектөө эместигин айтууда. Тескерсинче жобого өзгөртүү киргизүү менен ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоого багытталып жатканын кабарлоодо. Тагыраагы террордук жана экстремистик уюмдардын каржылоосуна бөгөт коюу турат. Ошондуктан электрондук капчыктын пайдаланууга эмес, аны толуктоо жагына өзгөртүүлөр кирип жатканын Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын операторлор жана төлөм уюмдары бөлүмүнүн башкы адиси Муктар Саякпаев Маралга билдирди.

—Уюлдук операторлор сунуштап жаткан электрондук капчыктарда биринчи каражат телефондун балансына келип түшөт. Андан кийин жүргүзүлгөн төлөмдөргө өздүк баланстан алынып жатат. Бул өтө коопту. Эгер каражат банктык эсептерге аркылуу ишке ашса банк буга жоопту болот. Ал эми номур аркылуу жүргөн операцияларга уюлдук операторлор толук жоопкерчиликти албайт. Бул жагынан жаңы өзгөртүү электрондук капчыкты колдонууга эмес, анын балансын толтурууга кирип жатат.

Жаңы жободо эсептердеги каражаттарды сактоо суммасына белгилүү бир чектөө киргизүү каралган. Анда калдык катары эң көп болгондо 15 миң сом сактоого болот, каражаттарды айлантуу бир колдонуучу үчүн 30 миң сомдон ашпоосу кажет. Мындай эреже Кыргызстан эми гана санарипке өтүп жатканда ойлонулбаган демилге болуп жатканын IT адис Рустам Айтбеков айтты. Анын кабарлашынча мындай капчык баардык мамлекеттерде бар жана ушундай эле тартипте иш алып барат. Андыктан буга чектөө киргизүүнүн ордуна эң керектүү кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү системага киргизүү керек дейт.

—Уюлдук операторлор өз кардарларына расмий бул кызматты сунуштап жаткандан кийин сөзсүз түрдө кепилдик беришет. Анткени ар бир компания бул тармакта коммерциялык банктар менен кызматташышат. Капчыктагы каражатка кепилдик беришет. Ошондуктан буга чектөө киргизүүнүн ордуна дагы жаңы кызматтарды киргизүү керек.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда электрондук капчыктын колдонула баштаганы а төрт жылдан ашты. Учурда бул капчыкты колдонгондордун саны 300миңге жетти.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...