Акыркы макалалар

Бишкек ТЭЦтеги авариянын себептери аныкталууда

Бишкек ТЭЦтеги авариянын себептери аныкталууда

“Электр станциялары” ишканасы Бишкек Жылуулук электр борборунун (ТЭЦ) электр кубаттуулугун 350 МВттан 154 МВтка чейин кыскартты. Буга 26-январь күнү кечинде ТЭЦтин эски агрегаттарга суу бөлүп берүүгө керектүү бир жабдуусунун иштен чыкканы себеп болгон. Аталган ишкананын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиеванын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, учурда энергетиктер аны калыбына келтирүү ишин жүргүзүп жатат.

-Учурда борбордун электр кубаттуулугу 180 МВтты түзүп жатат. Адистер борборду толук режимде ишке киргизүү жумуштарын аткарууда. Өлкөнүн түндүк жагы ГЭСтердин эсебинен толугу менен камсыз болуп жатат. Учурда Бишкек шаарын жылуулук менен камсыз кылуу иштери да жүрүүдө. Азыр негизги милдет - ТЭЦтин ишин толугу менен калыбына келтирүү.

Айдаралиева авариянын себептери аныкталып жатканын да кошумчалады.

Кечээ шаардын айрым жашоочулары батирлерге жылуулук берилбей, батарейкалар муздак болуп жатканына арызданышкан. ТЭЦтеги авариядан улам үй жылыткан батареядагы суунун температурасы 84 градустан 62 градуска төмөндөгөн. Бирок социалдык тармактын колдонуучулары суунун температурасы 40 градустун тегерегинде экенин жазып чыгышты.

"Кыргызгидрометтин" маалыматына караганда, Бишкекте 27-январда абанын температурасы түнкүсүн -22…-24, күндүз -16…-18 градус болуп жатат.

Кытай өкмөтүнүн каржылык жардамы менен ТЭЦ былтыр реконструкциядан болуп, 30-августта жаңыланган корпусу ишке кирген. Муну менен жылуулук борбордун кубаттуулугу 812 мегаваттка чейин жогорулаганы айтылган.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...