Акыркы макалалар

Өкмөт кызматкерлерин кыскартууну чечти

Өкмөт кызматкерлерин кыскартууну чечти

Аткаруу бийлиги мамлекеттик кызматкерлердин санын 10 пайызга чейин кыскартат. Учурда өкмөттүн системасын реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия иштеп жатат.

Өкмөткө оорчулук жараткан кыскартуу

Өкмөткө караштуу мамлекеттик органдардын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу, функциясын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Аталган комиссия бир айдын ичинде аткаруу бийлигинин системасын реформалоо, мамлекеттик мекемелерди башкаруу схемасын талдап, сунуштарды иштеп чыгат. Ошондой эле иликтөөнүн жыйынтыгында кызматкерлердин санын жок эле дегенде 10 пайызга чейин кыскартуу боюнча премьер-министрге сунуш берилет. Өкмөттө олуттуу штаттык азайтуулар болоорун парламенттин тармактык комитетинде биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 23-январда кабарлаган.

— Жакынкы убакта өкмөттө оптимизация болот. Биз олуттуу кыскартууларга барабыз. Бул оор болот, бирок убакыт керек. Кеминде 10 пайызга чейин кыскартууну көздөп жатабыз.

Премьер-министр Сапар Исаковдун 8-январдагы буйругуна ылайык, мекемелер аралык комиссиянын иши аяктаганга чейин Мамлекеттик кадр кызматы жана мекеме жетекчилерине бош кызмат орундарына адамдарды албай туруу боюнча сунуш берилди. Ошондой эле министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун статс-катчыларына кызматкерлердин ишине талдоо жүргүзүү тапшырмасы коюлган. Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров “бул иштер бюджеттеги каражаттарды үнөмдөөгө шарт түзөт”, — деп ишендирди.

— Негизи эле мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу боюнча азыркы өкмөт ушул жумуштарды аткарып жатат. Себеби кээ бир мамлекеттик органдарда бирин-бири кайталаган функциялар бар. Ошондуктан алар анализделет. Балким кээ бир органдарда кыскартуулар болбой калышы мүмкүн. Тескерисинче айрымдарында көбүрөөк болуп калышы мүмкүн. Эгер андай жолго барбасак бюджеттен ашыкча чыгымдар кетип жатат.

ДЕПУТАТ КЕНЖЕБЕК БОКОЕВДИН СУНУШУ…

Талдоочулар Кыргызстанда министрликтерде олуттуу өзгөртүүлөрдү кылыш керектигин айтып келишет. Алардын ишин депутаттар дагы сынга алышууда. Жакында эле КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин дарегине сын айткан. Көп өтпөй өкмөт башчы аталган министрликте жана жалпы эле агрардык сектордо реформалар башталганын жарыялаган. Анда экспорттук мүмкүнчүлүктү жогорулатуу, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн башка рынокторго чыгуусуна кам көрүлүп жатканын билдирген. Парламент депутаты Кенжебек Бокоев айыл чарбаны алга жылдыруу үчүн, министрликте кандай өзгөртүүлөр болушу керектиги боюнча сунуштарын берди.

— Айыл чарба министрлигинде структуралык өзгөртүү кылуу маселеси бар. Аталган министрлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигин бириктирип, бир министрлик кылыш керек. Аны жетектеген министрге бир же эки жыл вице-премьер-министр статусун бериш керек. Өзүнчө вицелик эмес, ошол эле кызматында. Ал айыл чарба жаатындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана административдик аймактык реформаны жасасын.

КЫСКАРТУУДАН ҮМҮТ ҮЗГӨН ЭЛ ӨКҮЛҮ

Өкмөт кадрларды кыскартууда кесиптик чеберчилиги, эмгек мыйзамдары боюнча жаш курагы жеткени боюнча талаптарды карайт. Акрам Мадумаров кызматтан алынган жарандарга мыйзам боюнча 3 айлык кенемте төлөнүп берээрин белгиледи. Бирок аткаруу бийлигинин штаттык бирдиктерди кыскартып, мекемелердин түзүмүн жакшыртуу ишинен майнап чыгаарына ишенбегендер бар. Маселен Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “өкмөттүн реформасы мекемелердин атын алмаштыруу менен эле чектелет”, — дейт.

— Мен 18 жылдан бери саясатта жүрөм. Ушул убакытта кыскартуулар кыскартуу менен бүткөн бир гана учур эсимде бар. Ал Жогорку Кеңештин ушул чакырылышы 35 млн сомго каражатын кыскарткан болчу. Калган учурларда кыскартуу эч качан кыскартуу менен бүтпөйт. Формасы алмашат, аты өзгөрүлөт, жаңы кызмат пайда болот.

Мекемелер аралык комиссиянын курамына өкмөттүн аппарат жетекчиси, Экономика министрлигинин статс-катчысы, Финансы министринин орун басарлары баш болгон мамлекеттик кызматкерлер менен көз карандысыз эксперттер кирген.

Кадр кызматы 2016-жылдагы акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстанда жалпы 27 миңге жакын мамлекеттик, жарандык жана муниципалдык кызматкерлер бар экенин маалымдады.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...