Акыркы макалалар

Электрондук капчыктарга тыюу салынабы?

Электрондук капчыктарга тыюу салынабы?

Кыргызстандын Улуттук банкы уюктук операторлорунун мобилдик капчыгын чектөө боюнча Жобонун долбоорун коомдук талкууга коюп, аларга тыюу салууну көздөп жатат. Уюктук операторлор болсо бул демилгеге каршы чыгып, муну мамлекет көздөгөн электрондук трансформация жүрүмүнө каршы келет дешүүдө.

23-январда Кыргызстандагы "Байланыш операторлор ассоциациясы" жана уюктук компаниялардын өкүлдөрү Улуттук банктын мобилдик капчыкты чектөө боюнча демилгесине каршы чыгышып, маалымат жыйын курушту.

Алардын айтымында, электрондук капчыкты жеке мобилдик номерге байлап коюуда эч кандай тобокелдиктер жок. Электрондук капчыкты ишке киргизүүдө Улуттук банктын бардык талаптары эске алынганын айткан ишкерлер кызматты тыюу аракетин ашкере чара деп сыпаттоодо.

- Биздин оюбузда тыюу салууну көздөөнүн өзү Улуттук банктай жөндөөчү үчүн аргасыз чара. Мындай чаралар өлкө экономикасына же мамлекетке олуттуу бир коркунучтар же тобокелдиктер пайда болгон учурда гана колдонулат. Биз башка колдонуучулардай эле мындан эч кандай коркунуч таба алган жокпуз. Бул, тескерисинче, өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет деп ишенебиз, - деди уюктук операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Күренкеев.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева мындай демилгени кылмыштуу жол менен табылган акчаны мыйзамдаштырууга каршы күрөшүү, террорчулукту каржылоого бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо аракетине байланыштуу деп түшүндүрүүдө.

Анын айтымында, жаран банкка депозит салып жатканда, банк да, мамлекет да ага өз акчасын жоготпой тургандыгы тууралуу кепилдик берет. Ал эми уюктук операторлор колдонуучулардын акча каражатынын сактыгына банктардай болуп эч кандай кепилдик бере албайт.

- Негизги себептерден болуп электрондук акчаны колдонуу менен кызмат көрсөтүүнүн, аны чыгаруу жана сактоо тартибиндеги тобокелдиктерди четке кагуу менен бардыгын бир тартипке салуу болуп саналат. Бүгүнкү маалымат жыйынында айтылган Улуттук банк тарабынан Конституциянын нормалары бузулуп жатат, нак эмес акчаны иштетүүгө бөгөт коюп жатат деген сөздөр чындыкка жатпайт, - деди Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева.

Кыргызстандын программисттер ассоциациясынын төрагасы Азис Абакиров мобилдик амалдарды чектөөнүн ордуна, алар аркылуу кызматтарды кеңейтүү зарылдыгын айтып, бул жаатта Жапониянын тажрыйбасын мисал тартты.

- Банктардын филиалдары аймактарда жетиштүү эмес, ошондуктан мобилдик кызматтарга тыюу салгандын ордуна, аны бүт өлкө боюнча жайылтыш керек эле. Мисалы, Жапонияда электрондук коммерциянын бардыгы мобилдик телефон менен жасалат. Метрого киресиңби, кафеге акча төлөйсүңбү, ошонун баарын мобилдик телефон менен төлөп, электрондук коммерция өсүп келе жатат. Ошондуктан мобилдик технологияларды өнүктүрүп, “Таза коом” электрондук трансформациясына чоң шарт түзүп берет деп ишенем.

"Мегаком" уюктук компаниясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн кызматкери Жумгалбек Өмүркановдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мобилдик операторлор ишке киргизген электрондук капчык кызматы тез аранын ичинде кеңири жайылып кеткени ага суроо-талап чоң экенинен кабар берет.

- Кыргызстанда электрондук капчыктар иштей баштаганына төрт жыл болсо, андан бери 300 миңден ашуун киши анын кызматынан пайдаланган. Ал эми биздин уюктук операторлор өздөрүнүн мобилдик капчыктарын ишке киргизгенден тартып үч ай ичинде жүз миңден ашуун киши бул капчыктын кызматынан пайдаланган.

Мобилдик капчыктын артыкчылыгы - кардарлар эч жакка барбай туруп эле чөнтөк телефону аркылуу төлөм кызматтарын жүргүзө алат.

Уюктук операторлордон тышкары Кыргызстанда “Элсом” жана Qiwi сыяктуу телефонго байланбаган Улуттук банктын лицензиясы менен иш алып барган электрондук капчыктар бар.

Кыргызстандын Улуттук банкынын “Электрондук акча жөнүндө жобонун долбоору” банктын расмий сайтында быйыл 12-январдан баштап жайгаштырылган. Мыйзамга ылайык бир айдын ичинде коомчулуктан келип түшкөн пикирлердин негизинде бардык сунуштар каралып, тобокелдиктер эске алынып, андан соң Улуттук банк тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...