
Ошто Ош-Тазалык ишканасынын мергенчилери жолбун иттерди атууну улантууда,-деп билдиришти аталган ишкананын басма сөз кызматынан.
Маалыматка ылайык, күн сайын таңкы саат 05:00дө эки мергенчи шаардын эки бөлүгүн аралап, иттерди атып жатышат.
“Атуу иштери шаарга кыймыл жанданганга чейин уланат. Ал эми атылган жолбун иттер атайын ороого көмүлүп, көмүлгөн чуңкурда зыянсыздандыруу иштери жүрөт”,-деп билдиришти ишканадан.
Түп нускага шилтеме : kabar.kg
Азырынча бир да пикир жок...