Акыркы макалалар

Өлкөгө электромобилдер бажы алымысыз кириши мүмкүн

Өлкөгө электромобилдер бажы алымысыз кириши мүмкүн

Электр кубаты менен жүргөн унааларды бажы алымысыз киргизүү демилгеленип жатат. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин айрым депуттаттары тарабынан берилди. Анткени 1-январдан тарта Кыргызстанда биринчи жолу электромобилдерди каттоо тартиби киргизилген.

Кыргызстанда биринчи жолу электромобилдер каттоого алына баштады. Мындай тартип үстүбүздөгү жылдын 1-январынан тарта кирди.Учурда электромобилдерди жеңил унаалардай эле бажы алымын төлөө менен киргизүү талап кылынат. Эми аларды бажы алымысыз киргизүү демилгеленүүдө.

Жогорку Кеңештин «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Токторов унаанын бул түрүн алып келүүгө мүмкүн болушунча жеңилдик берүү демилгесин көтөрүп чыкты. Эл өкүлүнүн «Марал» радиого билдиришинче, биринчи кезекти борбор калаанын абасын таза сактоого жардамчы болот. Экинчиден зыянсыз унаалардын келишине өбөлгө түзөт.

—Мен электромобилдерди бажы алымынан бошотуу сунушун бердим. Аны биздин фракция дагы колдоду. Бүгүнкү күнү абанын 80 пайызын унаадан чыккан уулу заттар булгап жатат. Ошондуктан электромобилдерди эч бажы алымын албай туруп киргизип, мүмкүнчүлүк бериш керек. Бүгүнкү күнү дүйнөдө дагы мындай унаалардын баасы арзандап калды. Бул Кыргызстан үчүн албетте кымбатыраак 30-35миң доллардын тегереги. Бирок бара-бара арзандайт. Эгер эл көп алса 20 миң долларга чейин арзандашы мүмкүн. Анткени бизде электр энергияга баа өтө арзан.

Бүгүнкү күнү гибриддик кыймылдаткычтуу унааларды бажылык тариздөөдө унаанын наркынын 15%-20%, ал эми электромобилдерден 15% өлчөмүндө бажылык алым алынат. Сом менен эсептей келсек, электромобилдерге орточо 17 миң сом туура келет.

Дегеле электромобиль деген эмне? Бул абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбаган экологиялык автоунаа. Электр энергиясынан кубат алат. Эң көп Американын Калифорния штатында пайдаланылат. Бирок учурда Кыргызстанда бир дагы унаа расмий түрдө каттоодон өтө элек. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов кабарлады.

—Электромобилдүү автоунаалар- Бул электр энергиясы менен жүргөн автоунаа. Эч кандай күйүүчү май колдонулбайт. Электрондук батарея менен мотору жүрүп жылат. Бул унаа экологиялык жактан эң таза унаа болуп эсептелет. Себеби эч кандай түтүн бөлүп чыгарбайт. Мындай унаалардын ар кандай түрлөрү бар. Биз аны каттого алууда экиге бөлгөнбүз. Кубаттулугу 50 км/ саат жана андан жогору. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда мындай унаалар каттала элек.

Мындай унаалардын саны салыктардан толук бошотулганда алыскы өлкөдөн ташылганына карабай өсө турганын мурунку экономика министри, «Кыргыз концепт» компаниясынын жетекчиси Эмил Үмөталиев айтат. Себеби бүгүн Европа мамлекеттери мунай менен кыймылга келчү унаалардан баш тартууда. Ошондуктан Кыргызстан дагы далалат кыла баштайт. Жаңысын алууга элдин мүмкүнчүлүгү жетпеген күндө дагы колдонулган унааларды алууга мүмкүнчүлүк бар дейт, ал.

—Европада, Америкада бул унаалардын саны абдан көбөйүп келе жатат. Жакынкы кээ бир өлкөлөрдө унаалардын жарымын дал ушундай унаалар түзүп калды. Бир нече жылда эле алар бүт унааларын электромобилге гана алмаштырып салмай болуп турушат. Бизге дагы бул керектүү нерсе. Баарыбыз кыйналган көп көйгөйдөн арылта турган кадамдын бирден-бир жолу. Бирок дароо эле баары алып мине салсын деген нерсе жок. Акырындан колунда барлар, түшүнгөндөр алса. Акырындык менен эл дагы колдонулганын алып өтө баштайт.

Зыянсыз унаалардын санын көбөйтүү үчүн атайын сунуш ЕАЭБ комиссиясына жиберилди. Анда унаалардын бул түрлөрүнө карата бажы алымынын өлчөмүн кайра карап чыгуу камтылган. Мындай сунуш менен буга чейин Белоруссия кайрылган.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...