Акыркы макалалар

Тотукан Өскөнбаева, кол өнөрчү: Өнөрүм менен эл көрдүм

Тотукан Өскөнбаева, кол өнөрчү:  Өнөрүм менен эл көрдүм

Быйылкы жылдын «2013-Иштерман жылына» карата өткөрүлгөн областтык сынактык «2013-жылдын Мыкты кол өнөрчү Иштерманы» номинациясынын жеңүүчүсү Жалал-Абад шаарындагы «Өнөр башаты» тобунун жетекчиси Тотукан Өскөнбаевга Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубалы Торомаматов атайын «2013-жылдын мыкты иштерманы» кубогу менен дипломун ыйгарды.

Кыргыздын кол өнөрчүлүгүн улаган Тотукан Өскөнбаева эжебиз белгилегендей, бул өнөрдү аркалап калганынын себеби, атадан балага, энеден-кызга өтүүчү нукура элдик өнөр мага өз энелеримден өткөн дейт. Анткени, Таш-Көмүр шаарындагы Теңдик айылында өткөн балалыгымда өз айылымдагы ууз-чебер энелердин да сабагы чоң таасир берди. Жаш өспүрүм кезимден эле курбуларым менен биргеликте сайма, курак, чалма, терме жана боз үйдүн жасалгоолору, шырдак, калпак кол буюмдары менен кийимдерин колдо даярдашып жүрүп, тажрыйба арттырдым.

Эсимде, 1980-жылы алгачкы жолу тең курбуларым менен боз үйдү бүт тиешелүү жасалгалары менен көтөрүп, Ноокен районунда өтүп жаткан кароо-сынагына катышып, элдин көңүлүн бурдук. Кийин облустук кароо-сынактарга дайыма эле үзбөй катыша баштадык. Кийин Нооруз майрамында биздин көтөргөн боз үйүбүз райондун борборунда тигилип, келген эл, сырттан келгекн коноктордун көңүлүн буруп жаты десем жаңылышпайм.

Андан бери 30 жылдан ашуун убакыт өтүп, учурда Республикада өтүүчү чоң-чоң кароо-сынактарга катышып, чет мамлекеттерде өтүүчү Көргөзмөлөргө да катышып, Жалал-Абад областынан атынан «Дүйнөлүк биринчи курултайга», «Манас-100», «Жалал-Абад 120» сыяктуу даталуу майрамдарда да кыргыздын боз үйүн көтөрүп, анын ичине кыргыз эллине тиешелүү буюмдарды кол менен жасалгалап көргөзмөгө коюп жүрдүк. Мына, быйыл да Президентибиз тарабынан белгиленген «Иштерман жылына» биздин эмгегибиз бааланып, сыйлык алдык. Ким болсо да, жакшы сөзгө, жакшы мамилеге жана көңүл бурууга жибийт да, мен да областтык жетекчилик тарабынан берилген сыйлыкка кубанып калдым.

Кыргыздын бир жакшы макалы бар, «өнөр өргө чаптырат» деген, ушул майда, адамдын тынымсыз тажабай кол менен жасаган эмгекти талап кылган бул жумуштун артынан, коңшу мамлекеттерди айтпаганда, бир топ чет мамлекеттерди Амерника, Турция, Шан-хай, Филодельфия, Венгрия ж.б. сыяктуу мамлекеттерде болдум.Эгер булл өнөрүм болбогондо жана анны жогорку деңгээдеги көргөзмөлөрдөн сыйлыктуу да сыймыктуу да орундарды албаганда мында жер кыдыруу пешенемде болот беле же бир айылда чоң энелик милдетим менен чектелип кала белем деп калам. Ошондуктан менин жаштарга берген насаатым, «максат, тилектер эмгек менен гана орундалат», мээнет кылгыла айланайындар, мээнетиңердин үзүрү болбой койбойт….

Өзүмдүн «Кол өнөрчүнүн кеңеши» сыяктуу усулдук китепчелерди иштеп чыгып, окурманга сунуштап келем, келечекте пайдасы тиет, изденип, колдонмо маалымат болуп калуусу үчүн китепче даярдап чыгаруу ниет кыламын. Ал эми, мектептерде азыркы мезгилде кол өнөрчүлүккө болгон «өгөй» мамилеси мени кыжалаттандырат. Анткени, кол эмгектен берген мугалим окучу балдарга «Сен төө», «Сен болсо боз үй» ж.б. буюмдарды үйүңдөн жасап кел деп коюшат экен. Кыргыздын кылымдан бери келе жаткан кайталангыс кол өнөрчүлүгүн, өсүп келе жаткан муунга өткөрүп бербесек. Кыргыздын башкалардан өзгөчөлүгү кол өнөрчүлүгүнүн келечеги канедай болот? – деген түмөн, түйшүктүү суроо менин тынчымды алат. Булл өнөрдү мугалим окуучуга анын сырларын, ар бир оймо, ар бир сайма кыргыз элинде кандайдыр бир маанини бергени тууралуу маалымат берүү менен, кыргыз маданиятын кол өнөрчүлүк аркылуу сиңирүү, кыргыздын кийген кийимдери аркылуу, ал кайсыл уруудан, чамалуу жашын, үй бүлөөсү, коомдогу орду тууралуу маалымат алууга мүмкүн болуп келгенин жомоктоп айтып, жаштарды кызыктырып сезимин байытып, Мекенчилдикке тарбиялоого эң сонун негиз деп эсептеймин.

Ушул багытта тиешелүү жетекчиликтер тура багытта иш алып барышса, бир-эки сыйлык менен саналуу кол өнөрчүлөрдүн көңүлңн алуу эмес, кыргыз элинин нукура кол өнөрчүлүгүн жайылтуу багытында иш алып барышса, биздей кол өнөрчүлөрдүн шакирттери көбөйүп, тажрыйбасы жайылса деген гана тилегим..

Кол өнөрчүлүк окуусун мен үч айлык түрүндө мектеп окуучуларына жүргүзүп келемин, ал эми кол өнөрчүлүккө кызыккан айымдар үчүн бир айлык окутууларды уюштурсак, мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга да мынедай окутууларды өткөрүп, кол өнөрчүлүк кесибине ээ болуп калышса кандай жакшы болоор эле. Чынында мектептте чоң күч, чоң ресурс турат, алардын колунан жаралган буюмдар менен дүйнөлүк көргөзмөлөргө катышып, чет элдиктерге, туристтерге сатыкка коюу мүмкүнчүлүгү болуп, кыргыз кол өнөрчүлүк буюмдары дүйнө элине сувенир же колдонуу куралдары болуп тараса жакшы да. Жакшы көрүп кеп такыя кийип алган чет элдик айымды элестетсеңер, колуна кадимки эле кооз кийиз кабын көтөргөн, моюбилдик телефон салган кооз кийиз кутучасы менен элестетүүгө жана аны ишке ашырууга неге болбосун?.. Айтайын дегеним, жакында эле өткөн «Дүйнөлүк кол өнөрчүлүк рыногу жана NYGF базапр аянтчасы жана маркетинг куралы» аталыштагы окутуудан биздин колубуздан жасалган «чаян жел-боо», курак, чалмалардын түрлөрү сыяктуу иштерибиз Америкага сатыкка тандалды. Буйруса ал жактан буйрутмалар келсе дагы жумуш орду пайда болуп, мындай иш аткара ала тургандарга жакшы маалымат болду. Ушул жолку Бишкек шаарына болгон сапарымда «Байыркы түрк элдеринин токуу ыкмалары» аталышта мастер-класс өттүм, анын негизинде мындан ары Манас университети менен байланышта иш алып барып туру келишимине келдик. Аз-аздан аракет деле болууда, бирок мындай аракеттер жалпы жүргөн жок. Жеңижок атабыз «Куржун толо ыр калды, ачылбаган сыр калды» дегендей кыргыздын кол өнөрчүлүгүнүн сырлары ачылбай калып кетпесин деген далатым менин – деп сөзүнүн соңунда Тотукан эже.

Мейманбу Акжолова

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...