Акыркы макалалар

Кыргызстандык Денис Петрашов Швейцарияда эки “алтын” утуп, сүзүү боюнча өлкөнүн жаңы рекордун койду

Кыргызстандык Денис Петрашов Швейцарияда эки “алтын” утуп, сүзүү боюнча өлкөнүн жаңы рекордун койду

Кыргызстандык сүзгүч Денис Петрашов Швейцариядагы “51 Challenge International de Geneve” эл аралык турниринде эки алтын медаль утуп алды.

КРнын спорттун бул түрү боюнча федерацисынан билдиришкендей, турнир Швейцарияда 17-20-январда өттү.

Кыргызстандын курамасынын мүчөсү, эл аралык класстагы спорт чебери Петрашов 200 м аралыкка брасс финалдык сүзүүдө алтын медаль алып, 2.12.62 убактысы менен Кыргызстандын жаңы рекордун койду. “Бул көрсөткүч бул жаштар жана эркектер арасындагы престиждүү мелдештердин жаңы рекорду болуп калды”, - деп белгилешти басма сөз кызматынан.

Андан соң Петрашов 100 м брасс дисциплинасында 1:01:45 убактысын көрсөтүп алтын жеңип алды.

“Денисти жеңиши жана мыкты натыйжасы менен куттуктайбыз”, - деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...