Акыркы макалалар

Өкмөт салык отчетторун электрондук негизде кабыл алат

Өкмөт салык отчетторун электрондук негизде кабыл алат

Өкмөт салыктарды электрондук негизде чогултууну карап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде биринчи окууда жактырылды. Эми алдыда дагы эки окууда каралат. Мында салыктык отчетторду үйдөн чыкпай төлөө, электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өткөрүү камтылган.

Салык процедураларын электрондук жактан фискалдаштыруу Евразия экономикалык биримдиктин талабы астында жүзөгө ашырылганы турат. Тагыраагы өлкөдө айланган товарлар жөнүндө маалыматтарды так аныктоо жана салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү болуп турат. Мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңешке жиберилди. Учурда тармактын комитеттин биринчи окуусунда жактырылды. Эми мыйзам долбоору кирсе, салык жыйноо толук электрондук негизде жүрөт жана ар бир ишкердин отчету бирдиктүү базада сакталат. Экинчиден салык кызматында кезек күтүүлөр жоюлат. Бул отчетторду тапшырууну жеңилдете турганын экономика министрлигинин фискалдык саясат башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев айтты. Мындай аракет ишкерге ыңгайлуу шарт түзүп берүү гана эмес, көмүскө экономиканы кыскартууга жардам берет дейт.

—Бүгүнкү күнү ишкерлердин арасында салыкты төлөгөнү дагы, төлөбөгөнү дагы бар. Мындай көрүнүштөрдү жоюшубуз керек. Эми бул тартип ишке кирсе, импортон келген товар, өндүрүштөгү товардын сатуудан баштап акыркы жерине чейин айланган товарды көрүп калабыз. Бул товардын айланышына көзөмөл жүргүзүүгө жардам берет. Муну менен биз көмүскө экономика менен күрөшүүгө шарт түзүлөт.

ЕАЭБ салык отчетторун электрондук тартипте өткөрүүнү 2018-жылдын апрелинде ишке киргизилсин деген талап койгон. Бирок өкмөт буга даяр эмес. Ошондуктан анын мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын июль айына жылдырылды. Бул аралыкта эсеп фактуралары, товарлардагы маркалар толук эрежеге ылайык келтирилип бүтүшү керек.

Бирок кичи жана орто ишканалардын ар биринде атайын бухгалтердик кесипти аркалаган адистер жок. Ошондуктан электрондук система кирсе, салык системалары болушунча жөнөкөйлөштүрүү керектигин ЖИА Бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов айтат.

—Салыкты төлөө электрондоштурулуп, жөнөкөйлөтүлсө жакшы. Ошол багытта иш алып барылганы жакшы. Азыр ар бир экинчи кишинин колунда смартфон бар. Андыктан муну акырындан киргизүү керек. Алгач чоң жана орто ишканалардан баштай берсек. Бирок бул жерде жагы жоопсуз турган маселе бар. Ишкер жөнөткөн отчеттордун жооптору дароо келеби же жок. Болбосо ишкер салык отчетторунун туура же ката экенин билбей калышы мүмкүн. Анын үстүнө ишкердин баарында бухгалтери жок. Ошондуктан салык төлөө процедураларын болушунча жөнөкөйлөтүү керек.

Ал эми экономист Искендер Шаршеев салык системаларын электрондук негизде тапшыруу үчүн бериле турчу ачкычтарды мамлекет бериши керек дейт. Ошондо бир гана ачык-айкын иштеген ишкерлер эмес, көмүскөдө иш алып баргандар дагы тапшырып калуусуна мүмкүнчүлүк берилмек деген оюн айтат.

— Салык кызматындагы адистер менен жөнөкөй ишкер дагы түшүнүп толтура тургандай иштелип чыкса, көмүскөдө иштеп жүргөн өздөрү эле тартылат. Бүгүнкү күнү отчеттордун татаалдыгы ишкерди бухгалтерге байлап койду.

Өкмөт ишкерлердин салыктан качуусуна мүмкүндүк берген бир нече схема бар экенин айтып, анын ичинде эсеп-фактурасын толтуруудагы өзгөчөлүктөр, ошондой эле, кошумча нарк салыгын төлөөгө тийиш болгон ишкерлердин патент алышы да бар деген кептерди айтууда.

Түп нускага шилтеме : maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...