Акыркы макалалар

Төш белги менен сыйланышты

Төш белги менен сыйланышты

Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулдарын төш белги менен сыйлоо аземи болуп өттү. Мындай иш-чара Жалал-Абад шаарында алгачкы жолу өткөрүлүп жатат.

Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу Сатаров Мелис Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана депутаттар кеңешинин атуулдарга мындай көңүл буруп жаткандыгы үчүн терең ыраазы экендигин билдирди. Ошону менен катар атуулдарга дагы мындай жакшыраак шарттарды түзө беришсин. Билишибиз боюнча мындай ардактуу атуулдарга төш белги берүү, бир гана Жалал-Абад шаарында болуп жатат. Кыргызстан боюнча биринчи жолу болуп жатканы үчүн албетте, бул нерсе жалпыбызды кубандырды.

Аталган иш-чарага Жалал-абад шаардык мэриясынын биринчи-вице мэри Т.Чойбеков жана шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы М.Тагаев катышышты.

Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы өз сөзүндө ардактуу атуулдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, биз сиздерден өрнөк алып иштейли. Жаңы жыл сиздерге ийгиликтин токчулук, молчулуктун жылы болсун деп куттуктоо сөзүн айтып өттү.

55 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жаткан Исманов Осмондун айтымында: “Көп жылдардан бери ЖАМУда эмгектенип келем. Көпчүлүгү мугалимдик кесипти анча баалашбайт. Бирок мен бул кесипти тандаганымдан эч өкүнбөйм. Ушул кесиптин артынан көптөгөн ийгиликке жетишкендигимден, өз кесибим менен сыймыктанам. Ушул кесиптин аркасынан ушундай сый урматка ээ болуп жатканымдан абдан кубанычтамын. Бул үчүн шаардык депутаттарга жана мэрияга ыразычылыгымды билдиремин”,- дейт.

Белгилей кетсек жалпысынан Жалал-Абад шаарында 120 атуул бар. Алардын эмгек стажы 25 жылдан кем болбогон, шаардын өнүп-өсүүсүнө өз салымдарын кошкон 60 атуулга төш белги ыйгарылды жана келген конокторго сый тамак уюштурулду.

Белгилей кетсек жалпысынан 31 800 сом акча каражаты жумшалды.

Кыргызда эзелтеден айтылып келе жаткан сөз бар “Карысы бардын ырысы бар” дегендей канчалык улууларды сыйласак, аларга колдон келишинче колдоо көрсөтүп турсак, бизге да ошончолук жакшы болот. Анткени айтат эмеспи “батаа менен эл көгөрөт” деп анын сыңары келген ардактуу атуулдар шаар жетекчилерине ушул сыяктуу сөздөрүн айтып, кубанычтарын жашыра алышкан жок. Жаңы жыл алдынан мындай жагымдуу жана кубанычтуу жаңылыктардын коштолуусу келерки жылы жакшы жылдар болушуна өбөлгө болот десек жаңылышпайбыз го....

Жумагүл Закир кызы

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...