Акыркы макалалар

Ынтымак үйлөрү курулса ...

 Ынтымак үйлөрү курулса ...

Жалал-Абад шаарында тынчтыкты, биримдикти сактоо, улут аралык мамилелерди чыңдоо максатында Жалал-Абад шаардык депутаттар ке\ешинин төрагасы Мураталы Тагаев ОБСЕнин өкүлү Роберт Пазос менен биргеликте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Бул боюнча депутаттар кеңешинин төрагасы М.Тагаевдин айтымында: “Жалал-Абад шаарында Спутник жана Курманбек аймактык башкармалыгында “Коомдук алдын алуу борбору” бар. Бул борбордо негизинен улуттар аралык түшүнбөстүктөр жана чыр чатактын алдын алуу максатында ачылган”. Бул борбордо аялдар кенеши, аксакалдар, жаштар өкүлдөрү, Элдик кошун бар. Мындай достук үйлөрүнүн көбөйткөнүбүздүн максаты мисалга алсак жөн гана эки кошуна урушуп кетсе да алардын улуттары башка болсо улут аралык чыр чатак чыгып жатат деген түшүнүк пайда болбошу үчүн түшүндүрүү иштерин алып барышат.

Ал эми ОБСЕнин өкүлү Роберт Пазос: “2014-жылга дагы бир Коомдук алдын алуу борборун ачууну сунуштады. Мындай борборлордун көп болгону эл үчүн да жакшы анткени биз азыркы учурда укук коргоочулар менен тыгыз иш алып барабы. Шаардын ынтымагы жана өсүүсү үчүн бир гана жетекчилер эмес жалпы тургундар менен иштешип, баарыбыз биргеликте иш алып барсак жакшы болмок. Азыр ата-энелер да балдарына жакшы көңүл бурушпайт. Өз иштери менен болуп олтуруп балдарын унутуп да калышат жаш балдардын таарынычы да чоң. Таарыныч барып отуруп бир чыр чатактын жаралышына алып келиши мүмкүн.Шаардын ынтымагы үчүн жаш кары дебей бирге иштесек анан да “Коомдук алдын алуу борбору” Азыр Спутник жана Курманбек аймактык башкармалыгында 2 гана жерде бар. Дагы бири Тайгара аймактык башкармалыгына же болбосо Чынгыз Айтматов аймактык башкармалыгына курулуп, ал жактар менен да тыгыз байланышып иштешсек”- дейт ал.

Мындай пикирди шаардык кеңештин төрагасы М.Тагаев да колдоп, бул иш боюнча шаар мэри М.Арапбаев жана шаардык депутаттар менен кеңешээрин айтып, биз да мындай достук маанайдагы борборлорун көбөйтүү максатындабыз. Болгону бюджеттин тартыштыгы болуп жатат дейт. Мындан ары кандай жардам керек болсо жардам беребиз. Шаарыбыздын өсүүсү үчүн биргеликте иштейли деп эки тарап кол алышып макулдашууларын билдиришти. Мындай достук үйлөрдү бир гана Жалал-Абад шаарында эле эмес республиканын булуң-бурчтарына да жакшы болмок дейт Тагаев.

Мындай ойду көтөрүп чыксаңар жалпы элге үлгү болмоксуңар ошону менен биргеликте айтат эмесби негизги нерсе ой, ой болсо максатты ишке ашырса болот дейт Роберт Пазос.

Биздин бул жолугушубуз акыркысы болбойт, мындай жакшы демилгелерди шаар жетекчилри да колдойт деп ойлойм. Мындан ары бири-бирибизге кандай жардам болсо берип биргеликте иштешели деп эки тарапда макулдашты.

Жумагүл Закир кызы

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...