Акыркы макалалар

Быйыл дыйкандар эмнелерди отургузса утулбайт? Айыл чарба министрлигинин сунушу

Быйыл дыйкандар эмнелерди отургузса утулбайт? Айыл чарба министрлигинин сунушу

Быйыл өлкөнүн түштүгүнө көнүмүш болгон дарбыз, күрүч, пахтадан тышкары ири өлчөмдө картошка отургузуу керек

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бул жылы кайсы регионго кандай өсүмдүктөрдү өстүрүү сунушталып жатканын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин жетекчиси Дмитрий Тен Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

Адис быйыл өлкөнүн түштүгүндө мурдагы жылдардан айырмаланып, картошканы көбүрөк эгүү туура болорун айтты.

"Былтыр Өзбекстанга президент башында турган делегация эки ирет барып келбедиби, ошол жолугушууларга өзбек тарап быйыл бизден ири өлчөмдө картошка аларын билдирген. Ошол себептүү быйыл өзгөчө түштүк региондоруна картошка отургузууну сунуш кылабыз. Кайсы сортторду кантип туура өстүрүү боюнча видео роликтер жакынкы күндөрү региондорго теле аркылуу көрсөтүлө баштайт", — деди Тен.

Анын айтымында, быйылкы сунуштамаларда мурдагы жылдардан өтө чоң айырмачылык жок.

Төмөндөгү талблицада быйыл дыйкандар кайсы облуска кандай өсүмдүк отургузса пайдалуу болору көрсөтүлгөн.

Талас облусу - пияз, төө буурчак;

Жалал-Абад облусу - дарбыз, пахта;

Ош облусу - жүгөрү, помидор;

Баткен облусу - кококн гиляз, күрүч;

Нарын облусу - эспарцет, арпа;

Ысык-Көл облусу - картошка, алма;

Чүй облусу - жүгөрү, күздүк буудай, кант кызылчасы.

Ошондой эле айыл-чарба министрлигинин расмий сайтында дыйкандар үчүн үрөндөр боюнча толук маалымат жарыяланганы айтылды.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...