Акыркы макалалар

БШК добуш сатып алууга каршы сунуштарын даярдоодо

БШК добуш сатып алууга каршы сунуштарын даярдоодо

Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт маалында добуш сатып алууга жана жалган маалымат таратууга каршы натыйжалуу аракеттенүү максатында административдик жана кылмыш жоопкерчилиги боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунуштоодо. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда билдирди.

Шайлдабекова шайлоо мыйзамдарында кемчиликтер бар экенин, талапкерлерди жана партияларды каржылоону ачыктоо жана үгүт иштерин жүргүзүү боюнча да өзгөртүүлөр керек экенин белгиледи.

Мамлекет башчы Кыргызстандагы соңку президенттик шайлоо таза, мыйзам чегинде өткөнүн айтып, бирок шайлоо процессине акчанын таасири бар экенин кошумчалады. Буга байланыштуу ал шайлоо учурунда бардык талапкерлер үчүн каражатына карабастан бирдей шарт жана мүмкүнчүлүк түзүү максатында шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу керектигин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков былтыр 15-октябрда өткөн президенттик шайлоону жеңип, өлкө жетекчиси болгон.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...